Menu

Жалал-Абаддык имамдар адам сатууга каршы

Бөлүшүү:

Эми Жалал-Абад шаарында адам сатууга каршы бийликтер, бейөкмөт уюмдары жана коомчулук дин уюмдары менен чогуу аракет кылышат. Социалдык кыйынчылыктардан жана маалыматтын жетишсиздигинен улам жаш жарандардын кулчулукка кабылып калышы жалпы коомчулукту тынчсыздандырууда. Жакшы турмуш издеп ар кайсы жактарда жүргөн жаштардын кыйын тагдыры өсүп келаткан жаш муундарга сабак болушу зарыл. Жалал-Абад шаарында өткөн талкууда ушундай пикирлер айтылды.

Жалал-Абад аймагынын коомчулугу адам сатуу жана кулчулук көрүнүштөрүнүн актуалдуу болуп жатышына негизинен жумушсуздук себеп болууда дешет. Алдын ала чаралардын көрүлбөгөндүгү жана зарыл маалыматтарды билбестиги жаш жарандардын кулчулукка түшүп калуусуна алып келүүдө. Алар мындай тагдырга кантип түшүп калганын өздөрү да билбей калышат.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Адам сатууга каршы коомдук кеңеши кулчулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүдө. Бул багытта социалдык максаттуу топтор арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дин өкүлдөрү менен чогуу алып барышат. Талкуу учурунда бейөкмөт уюмдары дин өкүлдөрү кызыккан маалыматтар менен бөлүшүштү.

Имамдар адамдын адамга карата зомбулугу, кыянаттыгы динде да тыюу салынганын айтышат. Ошондуктан да ар бир адамдын эркиндиктери жана кызыкчылыктары корголушу керек. Бул багытта жүрүп жаткан иштерге дин уюмдары катышууга кызыкдар. Алар мечиттерде, эл көп чогулган коомдук жайларда маалымат таркатуу ишине кол кабыш кылышмакчы.

Эми Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы коомдук кеңеш бейөкмөт уюмдары менен чогуу шаардагы 22 мектептин окуучуларынын, студент жаштардын арасында иш алып барат. Ал эми шаардын имамдары каттоодон өткөн 26 мечитте иш жүргүзөт.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: