Menu

Өзбекстан: дыйкандардан пландан ашык буудай алынууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана облусунда эгин жыйноо боюнча мамлекеттик планды аткарган дыйкандардын талаада калган буудайлары күч менен тартып алынууда. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришүүдө.

Алардын биринин айтымында, жергиликтүү бийлик акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу ар бир гектар үчүн белгиленген центнер өлчөмүн негизсиз көтөрүп жиберди.

– Президентибиз быйылкы жылды «Активдүү ишкердүүлүктү, инновациялык идеяларды жана технологияларды колдоо жылы» деп жарыялаган. Бирок тилекке каршы, бизде баары тескерисинче болуп жатат. Мен дыйканчылык менен 15 жылдан бери алектенем. Бул аралыкта центнер бир дагы жолу жогорулатылган эмес. Мислаы, жыл сайын гектарына 26 центнерден буудай тапшырып турчумун. Калганын жумушчуларыма таратып берип, өзүмө алып калчумун. Бирок быйыл бийлик бизден гектарына 30 центнерден талап кылып, талаада калган буудайымды бүт алып кетип калышты. Менин өзүмө жана жыйырма жумушчума эч нерсе калбай калды, – деп даттанды ал.

Дыйкандын айтымында, Айыл жана суу чарба башкармалыгы менен буудай кабыл алуу комбинаты келишимди өздөрү каалагандай түзүшөт. «Алгач, алар баарын өзүлөрү жазып, мөөр басышат. Андан кийин дыйканга беришет. Ал болсо ага мөөрүн басууга аргасыз болот», — деди ал.

Фергана облусунда жашаган дагы бир дыйкан түшүм жыйноо маалында талаада укук коргоо органдарынын кызматкерлери да жүргөнүн билдирди.

– Азыр эле төрт КамАз буудай жөнөттүм. Түшүм жыйноого Айыл чарба башкармалыгынын кызматкерлери көз салып турушат. Колубузда ар бир гектар үчүн 24,5 центнер тапшырышыбыз керектиги жазылган келишимдер турганына карабастан, алар бизден 30 центнерден талап кылып жатышат. Бирок мен аларга каршылык билдире албайт окшойм, анткени талаада укук коргоо кызматкерлери да жүрөт, – деди дыйкан.

Фергана облусундагы Өзбекстан районунун башчысынын айыл чарба маселелери боюнча орун басары Назиржон Мамадалиев планды аткарган айрым дыйкандардын талаада калган буудайлары алынып калган учурлар болуп жатканын моюнуна алды.

– Кечээ мага ушундай даттануу менен жергиликтүү дыйкандардын бири келди. Анда түшүнбөстүктөр болуп кетиптир. Жыйынтыгында ашыкча алынган буудай дыйкандын өзүндө калды. Бирок мындай учурлар ар бир дыйкан менен болуп жатат деп айтууга болбойт, – деди Мамадалиев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: