Menu

Түркмөнстанда жыл башынан бери ширеңке 14 эсеге кымбаттаган

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жыл башынан бери айрым азык-түлүк түрлөрү менен товарлардын баалары бир нече эсеге жогорулады. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы кабарчысы жергиликтүү базарларды кыдырып, калк арасында суроо-талапка ээ товарлардын баалары менен таанышып чыккан.

Кабарчынын билдиргенине караганда, Дашөгүздө шекер менен ун өтө тартыш, аларды мамлекеттик дүкөндөрдүн текчелеринен дээрлик көрүүгө болбойт. Базардагы баалары болсо мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир нече эсеге кымбат.

Алсак, аймактагы соода жайларында шекердин килограммынын орточо баасы 18-20 манатты (расмий курс боюнча 5-6 доллар), күрүчтүкү 13 манат, эттики 30 манатты түзөт. Андан тышкары аймакта жыл башынан бери жер-жемиштер, сусундуктар, өнөр-жай товарлары жана чет өлкөдөн келген азыктар кымбаттаган.

«Дашөгүздө дээрлик ун табууга мүмкүн эмес. Тургундар ун сатып алууга бир ай эрте кезекке жазылып жатышат. Бирок ун дээрлик алып келинбейт. Базарларда буудай жок, жүгөрүнүн килограммы 13 манатка чейин (расмий курс боюнча 4 долларга жакын) кымбаттады. Ун тартыштыгынан улам аймактагы наабайканалардын көбү жабылды», — деп билдирди кабарчы.

Кабарчынын билдиришинче, өнөр-жай товарларынын ичинен ширеңкенин баасы 14 эсеге жогорулаган. Жыл башында кутучасы 0,5 манаттан сатылып жаткан болсо, азыр анын баасы 7 манатты түзөт.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын расмий курсу боюнча, 1 АКШ доллары 3,5 түркмөн манатын түзөт. Өлкөдө накталай акча алмаштырууга тыюу салынган, көмүскө базарда болсо доллардын баасы расмий курстан 8 эсеге жогорулап, 29 манатка чейин жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: