Menu

Ташкентти «көзөмөлдөгөн» криминал төбөлү эки жылга соттолду

Бөлүшүү:

Ташкенттин Алмазар райондук соту Ташкентти «көзөмөлдөгөн» криминал төбөл Аббас Хажаевди катаал режимдеги абакка эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Жогорку сотуна шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, Хажаев Кылмыш кодексинин опузалоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ошол эле маалда маңзатын даярдоо жана сактоо беренси боюнча акталды.

33 жаштагы Аббас Хажаевдин кармалгандыгы тууралуу былтыр сентябрда кабарланган. Анда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал опузалоого жана 0,34 грамм героин сатуу аракетине айыпталып жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: