Кечээ, 20-июнда Москва шаарында, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кеңешмелери болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун учурунда консулдук чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелер талкууланган.
Так айтканда, Тажикстан Республикасынын Худжант шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу, кыргыз жарандарынын Тажикстандагы укуктук абалы, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын көйгөйлөрү, эки өлкөнүн аймагында соттолгон жана кармалган жарандар тууралуу маселелер көтөрүлгөн. Ошондой эле, “Электрондук виза” системасын колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ