– Райым мырза, сиз боюнча журналисттер уу-дуу түшүшүп, «качып кетти» дегендей каңырыш кептерди чыгарышууда. Ушул боюнча эмне дейт элеңиз?
– Мага карата кайсы бир күчтөр ушак чыгарууга кызыкдар болсо керек. Мен эч жакка качкан жокмун. Качууга негиз да жок. Провокацияга көңүл бурбагыла.
– Азыр кайсы жактасыз?
– Ден соолугумду чындап, эс алып жүрөм. Жакынкы күндөрү Бишкекте болом.
– Сизди «Суусамырда кымыз ичип жатат» деп журналист Динар Турдугулова Govori.tv сайтына жазганы талкуу жаратты.
– Ошол кыз, дагы башка кызыккан журналисттер болсо Суусамырга келгиле. Чогуу сүйлөшүп, чер жазып кетесиңер. Жөн эле дүрбөлөңгө түшө берүү кимге кызык?..
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ