Menu

КСДП: Сүрөтчү Азамат Жаналиев 2,5 миң долларды кайтарып берип, Атамбаевдин портретин алып кетсин, ага дагы бир Атамбаевдин портретин кошуп беребиз”

Бөлүшүү:

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсү: 

«Биринчиден, сүрөтчү А. Жаналиевге өзү тарткан А. Атамбаевдин портрети кайтарылып берилет. Ал аны Алмазбек Шаршеновичке “белек” катары бир кезде И. Илмиянов аркылуу берип жиберген, – деп билдирди 2018-жылдын 21-июнунда сүрөтчүнүн УКМКга кайрылуусуна түшүндүрмө берген КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. – Адегенде Жаналиев А. Атамбаевдин портретин КСДПнын кеңсесине белек катары калтырып кеткен. Бирок бир нече жумадан кийин үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн шылтоолоп, “белегин” сатып алууну кайра-кайра суранып тажаткан. Ушундай жол менен И. Илмияновдун кабыл алуусуна жетишкен сүрөтчү Жаналиев ага төлөнүп берилген 2500 АКШ долларына чексиз ыраазы болгон жана кошумча төлөп берүү туурасында кеп да кылган эмес. Буга күбө болгондор бар.

Экинчиден, сүрөтчү А. Жаналиевдин акыны толук төлөбөй коюу жана кандайдыр бир “коллекциялык” картиналар жөнүндө бетпактыкка салып калп айтканы ага жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш ишин козгоого негиз болушу мүмкүн.  Биз И. Илмияновдун А. Жаналиев менен оозеки же кат түрүндө эч кандай келишим түзбөгөнүн жана Жаналиевдин кандай шарттарда сүйлөшкөнү туурасындагы айткандарына  эч кандай тастыктоолор жок экенин белгилеп кетүүгө тийишпиз жана

Ал эми “Сауд Арабиясынын канзаадасына берилген” картиналар боюнча сүрөтчүгө жоопту башкы консулдук бере алат. И. Илмиянов бул картиналарды көргөн эмес, аларды кимдир бирөөгө өткөрүп берүү же сатуу боюнча андан бетер, өзүнө эч бир оозеки милдеттенмелерди алган да эмес. И. Илмиянов сүрөтчүнүн жадаткан өтүнүчүтөрүнө жооп иретинде консулдуктун кызматкерлерине А. Жаналиевдин аларга кандайдыр бир өтүнүчү бар экенин кабарлап коюуга гана макул болгон.

А. Жаналиев эми алган 2500 долларын кайтарып берсин, портрет авторго ошол замат кайтарылып берилет. Андан тышкары, ага ошого эле окшош, мурда “акчага белек” катары таңуулаган экинчи портрети да кошумча кайтарылат.

“Кайтарылган акча “Апрель” Коомдук фондунун эсебине чегерилет. Бул каражаттар жардамга чын эле муктаж адамдарга берилгени оң эмеспи”, – деди Кундуз Жолдубаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: