Бүгүн, 21-июнда мык менен жиптен президенттердин портретин тартып таанылган сүрөтчү Азамат Жаналиев КСДПнын бүгүн тараткан билдирүүсүнө жооп берди.
“Икрамжан Илмиянов эркекче деп кол берген эле, бирок эми эркекче болбой жатат. Макул, мен алардын 2,5 миң долларын кайтып берем да Атамбаевдин портретин алып кетип кааласам өрттөйм, кааласам айрыйм. Бирок, анын алдында Илмиянов менен Дубайдагы биздин консул экөөсү Дубайдын шейхтерине белек кылышкан менин портреттеримди кайрып беришсин, мен аларды сатып, анан КСДПга 2,5 миң долларын кайтып берем”, – деди сүрөтчү Жаналиев.
Булак: Жалбырак
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ