Menu

Видео – Бердымухамедов өз алдынча автоунаа кураштырып, аны сыноодон өткөрдү

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жогорку ылдамдыкта жүрчү жолтандабас спорттук унаасын өз алдынча кураштырып, өзү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу 19-июнда өлкөнүн расмий басылмалары кабарлашты.

«Президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн чиймелеринин негизинде жогорку ылдамдыкта жүрчү жолтандабас спорттук унаасын өз алдынча кураштырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн өзү сынап көрдү», — деп жазды мамлекеттик ТДХ агенттиги.

Маалыматка караганда, 19-июнда Ашхабаддагы Автомобиль спортунун борборуна барган өлкө башчыны анын уулу Сердар Бердымухамедов коштоп жүрдү.

«Автоунааны карап жатып, мамлекет башчы анын кыймылдаткычын текшерип, дөңгөлөгүн жана башка тетиктерин алмаштырды. Андан соң эстакадада унаанын жүрмө бөлүктөрүнүн маанилүү агрегаттарын карап чыгып, алардын бышык экенине ынанды. Президенттин мындай жоопкерчиликтүү мамилесин биз бардык иште, ар бир маселени чечүүдө көрүп жүрөбүз. Мамлекет башчынын вело- жана автожарыштарда мыкты жыйынтыктарды көрсөткөнүнөн тышкары, биз укмуштуудай инженердик жөндөмдүүлүгүн дагы байкадык», – деп жазышты басылмалар.

https://www.youtube.com/watch?v=xugheIXZB6g

Түркмөнстандын президенти жарыш унааларын айдоодон тышкары, ат чабуу, велосипед жарышы, уруш өнөрлөрү жана гольф өңдүү спорттордо дагы өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп келет. Түрдүү темадагы 40тан ашык китептин автору болгон Гурбангулы Бердымухамедов өзү чыгарган бир нече лирикалык ырлардын аткаруучусу болуп эсептелет. Ошондой эле ал жогорку илимий даражаларга жана ардактуу наамдарга ээ. Андан тышкары буга чейин курал-жарак колдоно алаарын жалпы калкка көрсөткөн.

Учурда өлкөдө «Амуль-Хазар 2018» деп аталган эл аралык автораллиге жана Улуу Жибек Жолунун каттамы менен өтчү жеңил атлетика жана велосипед жарыштарына даярдыктар көрүлүүдө. Бул иш-чараларды өткөрүү идеясы президент Гурбангулы Бердымухамедовго таандык. Мамлекет башчы бардык даярдык иштерин өзү көзөмөлдөп, трассалар менен жарыш унааларды өзү сыноодон өткөрүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=sl7Ev6Asa0I

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: