Menu

ЕБ Душанбе менен Ташкенттин суу маселеси боюнча кызматташуусун кубаттайт

Бөлүшүү:

Европа биримдиги суу ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча Тажикстан менен Өзбекстандын кызматташуусун кубаттайт. Бул тууралуу 21-июнда ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атайын өкүлү Питер Буриан Душанбеде өтүп жаткан суу конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстан калкынын таза суу менен камсыз болушу ЕБ саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет.

«Тажикстан аймактын суу ресурстарынын башында турат, ошондуктан өлкө жашоочуларында суу кыйла жетиштүү. Бирок өлкө суу ресурстарын коргоо маселесине кабылды. Азырынча суу дарыялар менен көлмөлөрдө агып жатат, бирок бул түбөлүк эмес. Буга чейин биз суу булактарынын баары эле сарамжал пайдаланылбаганына күбө болгонбуз. Ошондуктан биз тажик бийлиги менен бул багыттагы тажрыйбабыз жана техникалык иштеп чыгууларыбыз менен бөлүшкүбүз келет», — деди Евробиримдиктин өкүлү.

Анын айтымында, акыркы он жылдын ичинде ЕБ дүйнөдөгү 60 өлкөдөгү түрдүү долбоорлорго жалпысынан 2,5 миллиард евро инвестиция салган. Суу долбоорлоруна болсо 4 миллиард евро бөлгөн. «Азыр бул каражаттардын жетишсиз экени белгилүү болууда. Аймакта таза суу булактарына мамиле канааттандыраарлык эмес экенин көрүп жатабыз. Буга Арал деңизинин соолуп жатышы мисал. Азыр бул процессти токтотууга мүмкүн эмес, бирок анын кесепеттерин болушунча азайтуу биздин колдо. Быйыл күзүндө аймактагы жана Аралды сактоо фондуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу болот. Ошондо батыштын талдоочулары менен бул маселе көтөрүлөт», — деди Буриан.

Ал ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча кызматташтыгынын абалын кубаттады. «Бул маселени суунун жогору жагында жана төмөн жагында турган өлкөлөр биргеликте чечип жатышат. Суу булактарын сактоо боюнча чыгымдарды бардык өлкөлөр теңме-тең көтөрүшү керек. Бул багытта Тажикстан менен Өзбекстандын кызматташтыгынын азыркы абалы былтыркыга салыштырганда үмүт берет жана Евробиримдиктин кубаттоосуна арзыйт», — деди Буриан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: