Menu

Жалал-Абаддын айрым жаштары орозодо жарамазан айтып, жыйнаган акчасына балдарга белек жасашты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын айрым жаштар тобу жеткинчектерди кинотасмаларды көргөзүү жана руханий жагынан көңүл буруу керек деп эсептешет. Топтолгон балдарга шириндиктерди акысыз таратышып, балмуздактар менен сыйлашты. Буга каражатты жаштар Орозо айында жарамазан айтып топтошкон. Жаштардын мындай аракетине балдар жана алардын ата-энелери ыраазы болушту.

Жалал-Абад шаарынын жаштарынан иргелген демилгечи топ Орозо айында жарамазан айтып, атайын каражат топтогон. Бул каражатка шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жүздөн ашуун балдарына тарбиялык маанидеги кино-тасманы акысыз тартуулап, алардын келечегине жакшы таасир көрсөтүүнү максат кылышкан.

Кичинекей жеткинчектер үчүн бир ай бою ар кандай иш-чаралар пландалып, өткөрүлүп келет. Ал эми бүгүнкү кино-тасма жана шириндиктер балдардын көңүлүн көтөрүп, мындай камкордукка кубанышканын жашырышкан жок.

Жалал-Абад шаарындагы “Мир” кино-театрында уюштурулган иш-чарага бардык аймактардан келген балдар чогулушту. Аймактык башкармалыктардын адистери жер-жерлерде балдарды камкордукка алуу чаралары улантылып жатканын айтышат.

Эскерте кетсек, балдарга камкордук көрүү, алардын ар тараптуу укуктарын камсыз кылуу иштери жыл бою жүргүзүлүп келет. Бул иш-чараларга менчик түрүнө карабастан бардык ишканалар, коомдук бирикмелер тартылган. Азыркы тапта да балдарга көңүл буруу акциялары тынымсыз өткөрүлүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: