Menu

Аалы Карашев, депутат: Окуйм дегендерге мамлекет кредит берет

Бөлүшүү:

– Аалы Азимович, студенттерге жеңилдетилген кредит берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөгө эмне түрткү болду?

– Билим берүү жөнүндөгү мыйзамда «социалдык кредит берилет» деген норма бар. Бирок, ал иштеген жок. Эмне үчүн? Анализдеп көрсөк, жалпы Кыргызстан боюнча жыл сайын орто мектепти 60-65 миң, атайын окуу жайларын 28-29 миң улан-кыздарыбыз аяктайт экен. Жалпы жонунан 90 миң окуучу бүтөт. Алардын көпчүлүгү билим алуумду улантсам, жогорку окуу жайларына окусам деп тилек кылат. Бирок, ошол 90 миңден 5 миң гана кишиге мамлекет бюджеттен грант берет. Дагы он беш миңдейи контаркттык негизде өтүшөт. Бирок, контракт төлөгөнгө баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок. Аялуу катмарды айтпай эле коёлу, орто жашаган үй-бүлөлөр деле жылына 35-40 миңди төлөй алышпайт. Өзгөчө айыл жерлеринде биздин коп талантгуу уул-кыздарыбыз бар. Алар орто мектепти бүткөн соң «кырк миң сом контрактты ата-энем көтөрө албайт. Ошон үчүн өзүм акча чогултуп келейин» деп Россияга, Казакстанга, же башка чет өлкөлөргө мигрант болуп кетишет. Бир-эки жыл иштейт. Бирок, ал жерден ата-энесине жардам көрсөтүшү керек, өзүнүн курсагын тойгузушу керек. Бир тобу үйлөнөт. Натыйжада билим алам деген тилеги экинчи планга сүрүлүп калат. Он-жыйырма жыл өткөн соң кайра келип, эч кандай квалификациясы жок жумуш таппай жүргөндөр бар. Россияда да квалификациясы жок эң төмөнкү, кара жумуштарда иштешкен. Ошондуктан, биз мыйзамды анализдеп чыккан соң аны кантип ишке ашырыш керек деген суроо туулду. Биздин негизги идеябыз – жаштарга жеңилдетилген социалдык кредит берүү. Анын кредиттик пайызы Улуттук банктын эсеп пайызынан, б.а., 5-6 пайыздан ойдо болбошу керек. Коммерциялык банктарда 16-18 пайыздан жогору. Биз бул мыйзамдын үстүндө бир жылдай иштедик. Талкууга чыгарып, өкмөткө да негиздеп бердик. Азыр өкмөт бизди колдоп, субсидияны төлөп бермей болду.

– Студент ал кредитти качан алат? Окууга өтүп, буйрук чыккандан кийинби?

– Ооба, окууга өткөндөн кийин. Акча анын колуна берилбейт, түз эле ЖОЖдун эсебине жыл сайын 30-40 миңден которулуп турат.

– Анан кайра качан төлөй баштайт?

– Беш жыл анын кредитти качан төлөйм деп башы оорубашы керек. Дипломду колуна алып, ишке орношкондон кийин да дагы беш жылдын ичинде төлөп берүүгө тийиш. Айталы, студент беш жылдын ичинде 150 миң сом кредит алды дейли. Кийин аны беш жылда толосо айына 2.5 миң сомдон туура келет экен. Ал алгачкы жылдары 8-10 миңден айлык алган күндө деле бул сумманы эч кыйналбай төлөй алат. Окуу жайын бүткөндөн кийин билимимди андан ары өркүндөтөм, магистратурага окуйм десе, ага дагы кредит берилет.

– Бул мыйзам долбоорун даярдаганда сиздер чет элдик тажырыйбага да таяган чыгарсыздар?

– Ооба. Кошуна Казакстанды карасак, «Болашак» деген программасы менен окутууну мамлекет өз мойнуна алган. Россия, Өзбекстанда да кредит берген практика бар. Албетте, биз окутууну толугу менен мамлекет өз мойнуна алышын каалайт элек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бюджеттин тартыштыгы ага дегенде биринчи кадам болот. Бул биринчиден, окусам деген жаштарга түрткү берсе, экинчи жагынан «мамлекет мени окутту, эми мен мамлекет үчүн иштешим керек» деген милдеттенме да пайда болот.

– Азыр мыйзам долбоору кайсы стадиясында?

– Кечээ күнү экинчи окудан өттү. Кесиптештериме ырахмат, бир добуштан колдоп беришти. Жайкы каникулга чейин үчүнчү окуудан кабыл алдырып, мамлекет башчыбыз кол койсо, күзүндө мыйзам иштеп калат. Бирок, өкмөттөгүлөр 2019-жылдын 1-январынан ишке киргизели деп суранып жатышат. Себеби, алар да мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуулары керек да.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: