Menu

Фото – Жалал-Абадда үйлөрдү тоноп жүргөн уурулар кармалды

Бөлүшүү:

2018-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад шаарынын «Спутник», «Достук»  жана  «Курманбек»  кичи шаарчаларында жайгашкан көчөлөрүндөгү турак  жайларга,  алардын ээлери  жок болгондугунан пайдаланышып   белгисиз кылмышкерлер уурулукка киришип, үйлөрдүн ичинен  акчаларын , алтын  буюмдарын жана башка үй тиричилик буюмдарын  уурдашып,  элдерге бир далай материалдык зыян келтирилип, кылмышкерлер аныкталбай,  жабырлануучулардын  буюмдары  кайтарылбай,  элдердин  арасында  бир топ  нааразычылыктар  болуп  жаткан. Бул тууралу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Жалал-Абад ШИИБнүн жетекчилиги тарабынан,  Жалал-Абад шарынын аймагында катталып бети ачылбай калган уурулуктардын, айрыкча турак жайлардан болгон уурулуктардын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн талдоолор жана болгон маалыматтардын  негизинде  алдын  алуу  жана  ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзү  үчүн  тажрыйбалуу  КМК кызматкерлеринен турган ыкчам издөө тобун түзүп,  бул   багыттагы  ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүн  көзөмөлүнө  алынды.

Жүргүзүлгөн  ыкчам иликтөө иш-чараларын натыйжасында 2018-жылдын 12-июнь күнү  Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчысынын тургуну 1983-жылы туулган,  мурда  соттолгон М.Н.  жана анын  кылмыштуу  шериги Сузак районунун  Ырыс айылдык округунун  Тейит айылынын  тургуну 1993-жылы туулган, мурда соттолгон Т.Х. кармалышып, Жалал-Абад шаарынын аймагында 10 турак жайга уурулукка киргендиги боюнча  көрсөтмөлөрү алынып,  Жалал-Абад  ШИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, тергөө амалдары жүргузүлүүдө.

-Жалал-Абад ш. Пригородная көчөсүнүн тургуну 1983-ж.т. А.К. арызданат. Себеби: 2018-ж. 18-январдан 20-январга караган күнү жогоруда көрсөтүлгөн даректеги үйүнө белгисиз кылмышкерлер терезе аркылуу мыйзамсыз кирип, 1 даана LG үлгүсүндөгү базар баасы 15000 сомдук телевизорун жана идиш-аяктарын уурдап кетишкен.

-Жалал-Абад шаарынын Тоголок-Молдо көч. №70 көп кабаттуу үйдүн тургуну 1982-ж.т. М.З. арыз менен кайрылган, себеби 2018-жылдын 21-марттан 22- мартка  караган түнү белгисиз кылмышкерлер жогоруда көрсөтүлгөн дарегине терезеси  аркылуу  кирип уктоочу бөлмөсүнөн 80000 рубль акчасын жана бир даана 5000 сомдук алтын сөйкөсүн, бир даана 7000 сомдук алтын шакегин жана бир даана 6000 сомдук алтын цепочкасын уурдап кетишкен.

-Жалал-Абад ш. Спутник кичи шаарчасынын Манас пр көчөсүнүн тургуну. 1965-ж.т. К.С.аттуу айым арызданат, себеби: 2018-ж. 03-январь саат 19:00дөн 04-январь саат 08:00гө чейинки аралыкта үйүнө белгисиз кылмышкерлер ачык калган пластик терезеси аркылуу кирип базар баасы 7000 сомдук норка тумагын 37 000 сомдук сөйкө шакек алтын комплектисин 2 даана базар баасы 10000 сомдук алтын шакектерин жана 1000 сомдук 6 даана бет сүргүчүн уурдап кетишкен. Натыйжада белгисиз кылмышкерлер  жалпысынан айымга 65 000 сомдук материалдык зыян келтирген.

Жалал-Абад ш. Курманбек көч.№17 көп кабаттуу үйдүн тургуну 1982-ж.т. О.П. арызданат. себеби: 2018-ж. 9-февральнан 12-февральна чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн даректе терезе аркылуу белгисиз кылмышкер кирип шкафтын ичинде турган алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Натыйжада 85 000 сомдук материалдык зыян келтирген.

-Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнүң тургун 1964-ж.т А.А. арызданат,себеби 2018-ж 07-март күнү саат 08:30менен 15:15 аралыгында белгисиз кылмышкерлер үйүнө терезеси аркылуу кирип темир сейфти бузуп 200 000 сом акчасын, үч алтын шакегин,бир обручалка шакегин, бир сөйкө шакеги менен уурдап кеткен.

-17.04.2018-ж саат 11:00 ч-да Жалал-Абад ш Р.Азимов көч-гу А.Рдин уйуно бк киришип, 98000 сом акчасын жана 100000 сомдук алтын буюмдарын уурдап кетишкен.

-Жалал-Абад шаарынын Манас пр. №20 үйүнүн тургуну 1993-ж.т. Ш.М. атуу айым арыз менен кайрылган, себеби 2018-ж. 07-апрелден 08-апрелге караган белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу үйүнө киришип, кассадагы 18000 сомдук алын сойкосун жана кумуш шакегин уурдап кетишкен.

-Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасынын Р.Азимов көчөсүнүн №28 көп кабаттуу үйдүн жашоочусу 1978-ж.т. Т.Н. атуу айым арыз менен кайрылган, себеби 2018-жылдын 14-январдан  27- январга  чейинки аралыкта белгисиз кылмышкерлер жогоруда көрсөтүлгөн дарегине эшигин бузуу жолу менен  киришип бөлмөсүнөн бир даана алтын сөйкөсүн, бир даана алтын сөйкө, шакегин жана бир даана алтын цепочкасын уурдап кетишип, 55000 сомдук зыян келтирген

-Жалал-Абад шааарынын Курманбек кичи шаарчасы 18- көчөсүнүн тургуну 1970-ж.т. К.Г аттуу айым арызданат , себеби: 2018-жылдын 9-май күнү саат 10.30дан 14.30га чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн даректе эч ким жок болгондуктан белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу кирип 121000(жүз жыйырма бир мин) сомдук алтын зергер буюмдарын уурдап кетишкен.

-Жалал-Абад шааарынын Токтогул кыска көч.№11көп кабаттуу үйдүн тургуну 1993-ж.т. К.Ж айым арызданат , себеби: 2018-жылдын 9-майдан 10-майга караган түнү жогоруда көрсөтүлгөн даректе эч ким жок болгондуктан белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу кирип 98000(токсон сегиз мин) сом акчасын уурдап кетишкен.

Ошондой эле ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө  кармалган Т.Х.  жана М.Н.  Сузак районунан  Ырыс ай.окр. аймагында  5 батирлерден болгон уурулук фактысын жасагандыгы боюнча, мындан сырткары Ош областынын Өзгөн районунун аймактарында 4 батирлерден болгон уурулук фактыларын, Кара-Суу районунун аймагында 3 батирлерден болгон уурулук фактылырын  жасагандыгы туралуу көрсөтмөсүн берди.

Кылмыштын бетин Жалал-Абад ШИИБнүн криминалдык милиция кызматы ачты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: