Menu

Кенжебек Бокоев, депутат: Жоопкерчиликке тартылбаса эртең баары уурдай баштайт

Бөлүшүү:

-Кылмыш-жаза кодексине бажы кызматы сунуштаган өзгөртүүгө ылайык, мыйзам бузган киши келтирилген зыянды төлөп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат экен. Бул туура деп ойлойсузбу?

– Демек, уюлдук телефондорду алып өтүп, анын ордуна «кагаз алып өттүм» деп миллиондогон сумманы төлөбөй кетсе, анан биз аны тапкандан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартабыз дегенде ал ошол миллиондогон сомду төгүп койсо, жоопкерчиликтен бошоп кетет экен да. Юрисдикцияда эң негизги бир принцип бар. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмышкер жазасын алыш керек. Кеп уурдаганын төлөп коюуда эле эмес да. Ал жоопкерчиликке тартылбаса, эртең баары уурдай баштайт, коррупцияга малынат. «Көрүп калса төлөп коём да» деп ойлойт. Элестетип көрсөңөр, бирөө бир койду уурдап баратса, ээси кармап алса койду таштап коюп кете берет экен. Андай болбойт да.

– Чыгымды көп эселеп төлөтсөчү?

-Андай болсо үч эселеп төлөсүн, мисалы, бир миллиондук зыян келтирсе, үч же беш миллион төлөп бериши керек. Россияда он эселеп төлөтөт. Ошондойду киргизиш керек да. Анан кой уурдаганды койду төлөп берсе эле бошото берсек, кылмыш жазаланышы керек деген эң негизги принцип жокко чыгарылат.

– Мамлекет үчүн камаганга караганда айыбын төлөткөн пайдалуу болот деп атпайбы бажы кызматынын төрагасы?

– Коррупционер үчүн жакшы. Алганың билинип калса төлөп коёт экенсиң. Анда жаза болбой калат да.

– Сиз баяндаманы мамлекеттик тилде жасабаганы үчүн бажы кызматынын төрагасына сын айттыңыз. Бирок, мындай көрүнүштөр комитеттердин ар бир отурумунда, ар бир кеңешмесинде кайталанат. Регламентте ушул боюнча кандайдыр бир норма барбы?

– Регламентте андай норма жок. Конституцияга таянып эле мамлекеттик жана расмий талди колдонуп жүрүшөт. Бирок, бизде мамлекеттик тил жөнүндө атайын мыйзам бар да. Ага ылайык, президент болом деген киши мамлекетгик тилди билиши керек. Президенттикке талапкер билүүгө тийиш болгондон кийин, бажы кызматынын төрагасы милдеттүү түрдө билиш керек да. Ал эртең кол алдындагы кызматкерлери менен кантип сүйлөшөт? Же болбосо министр көчөгө чыгып, эл менен кантип сүйлөшөт? Ошон үчүн мен сын пикиримди айттым. Мамлекеттик тилде суроо берилгенден кийин мамлекеттик тилде жооп бериш керек. Анткени, ал мамлекеттик кызматкер.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: