Menu

Жыргалбек Турускулов бодибилдер дейби?

Бөлүшүү:

«Республика – Ата Журт» фракиясынын лидери Жыргалбек Турускулов мырза менен кыскача маек кылдык. Өмүрбек Бабановду сурадык, партиянын ишмердүүлүгүн айтып берди. Жаңы ой толгоолору менен бөлүштү.

– Жыргалбек мырза, «Республика – Ата Журт» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановдон кабарыңыз барбы, сүйлөшүп турасыңарбы, азыр ал жигит каякта?

– Өмүрбек Токтогулович менен «Республика – Ата Журт» партиясынын дээрлик бардык депутаттары интернет аркылуу мындан жарым жылдан ашык тикелей сүйлөшкөнбүз. Ошондо өзү «мен саясаттан кеттим. Буту-колуңар бош. Партиянын ишине эми кийлигишпейм, аралашпайм, аны жакшылап алып кеткиле. Парламенттик жана президенттик шайлоодо бирге жүрдүк. Силерге эч дооматым жок. Баарыңыздарга рахмат!» деп айтып коштошконбуз. Андан бери кабарлашып, сүйлөшүп, байланышпадым. Азыр ал киши каякта экенин да билбейм.

– Бу жердеги бизнестери тууралуу сөз болдубу?

– Жеке өзүнүн мүлктөрүнө менин эч бир тиешем жок. Ал жерде үлүшүм болбогондон кийин, андай темада сөз козголбоду. Ишканаларын кимге тапшырды, ким иштетип атканына кызыкпадым. Үй-бүлөсү быякта болсо керек, ошолор көзөмөл кылып аткандыр.

– Бабанов саясаттан кеткенден кийин жарым жылча фракция лидери болуп Руслан Казакбаев иштеп аткан. Сырттан караган кишиге жөн эле аны алып түшүп, ордуна өзүңүз шайланып алгандай таасир калтырат же андай эмеспи?

– Руслан Казакбаев жарым жылдай партия лидери болуп иштеди. Өзүнө тиешелүү ишмердүүлүгүн алпарды. Фракция коллегиалдуу орган болгондон кийин тандайт экен, өз сунушун айтат экен. Бу жерде «Казакбаевди алып түшүп, анын ордуна шайланып алдым» дегенден алысмын. Аны өзүнөн деле сурасаңыз болот. Эч бир негативдүү маселе деле жок. Мамилебиз жакшы. Саясатта өйдө-төмөн болот. Партиянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жараша лидерин алмаштыруу сунушу түшүп, мага токтолушкан. 22 добуш менен ишеним көрсөтүштү. Ошо менен иш алпарып атабыз.

– «ЖКнын мурунку спикери, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков парламентте фракция лидерлерин чогултуп алып ыңгайлуу көз карашын таңуулап, таасирин тийгизип турат экен» деген имиш тарады, буга эмне деп жооп берет элеңиз?

– Бул имишке чекит коюп коёюн. Фракция лидери катары эки айдан бери иш алпарып атам. Асылбек Шарипович сүйлөшсө мына мени менен сүйлөшөт эле да, «минтели, тигинтели же анткиле» деп. Калыстык үчүн айтайын, экөөбүз ушу аралыкта болгону бир гана жолуктук. Бул эмнеден кабар берип турат? Демек, андай нерсе жок, таасир кылган жок. «Президенттин иниси болгондон кийин парламенттеги депутаттарды тизип алып сүйлөшөт экен» деген карандай калп. Көралбаган адамдардын чыгарган ушагы, имиши.

– Фракция лидери болуш баланын оюну эмес. Жоопкерчилик деген нерсе бар. Элдин ишенимин актоо да керек…

– Түшүндүм, эмнени сурай турганыңызды. Партия лидерлигине баратканда эле ойлонгом, бул жумуш оор экенин, жоопкерчилиги абдан жогору турарын сезгем. Талапкерлигимди коюп атканымда бир топ жакшы нерселерге убада бергем. 27 депутаттын тилин таап, ошол эле учурда ар бир партиянын лидерлери менен сүйлөшө билүү. Жогорку рангадагы жетекчилер менен мамиле түзө билүү, мунун баары кыйын. Оңой оокат эч жерде жок. Мурунку күндөлүк иш тартибим түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, жадагалса ишемби күндөрү да толук кандуу иштөө күнүнө өттүм, «ненормированный рабочий день» деп коёт эмеспи. Иштен кыйналып кеттим дегенден алысмын. Фракциянын ишин алдыга жылдырыш керек, азыркы максатым эле ушу.

– Фракциянын көчмө жыйындары болуп турабы же ордо калаада туруп алып эле телефон аркылуу маселени чечип атасыздарбы?

– Жеке жана депутаттардын демилгеси менен сиз айткан көчмө жыйындарды өткөрүүнү баштадык. 1-июнь күнү Ысык-Көл жергесинде эң негизги деген экология темасын талкуу кылдык. Мындайча айтканда, бу жерде отуруп алып эле кыйын боло бербей, жеринде маселени карадык. 22-июнда Нарын облусуна сапар алып, президенттин «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата иш-чаранын деңгээлин жеринде барып көрүп, аймакты кантип өнүктүрүү жолун биргеликте издеп, жергиликтүү кеңештин депутаттары, акимдер менен талкуу кылып, колубуздан келген жардамды кылалы  деп атабыз. Июль айында каникулга чыгабыз. Ошого карабастан көчмө жыйынды токтотпойбуз. Жалал- Абад облусуна июль айында барып, жеринде маселени карап келели деп атабыз.

– Жыргалбек мырза, айылыңызга бараткан жол «өлүп» калган. Кочкордон ары Чаек айылына жетер жеткенче жол эмес эле кыйноо, аны өзүңүз деле билсеңиз керек. Эл өкүлү катары кандай чара көрүп атасыздар?

– Кочкор – Чаек жолу сиз айткандай эбак эле «өлүп» калган. Жумгал элинин негизги көйгөйү экенин билем. Бул боюнча эң ириде өзүм маселе көтөрүп чыканымды элдин баары билет, мени калп айттырбайт. Эми анын аки-чүкүсүнө токтолбой эле коёюн. «Үстүбүздөгү жылдын күз айларында баштайбыз» деп өкмөт сез берип атканын айтып коёюн. Баардык тиешелүү документтер даяр, акчасы бөлүнгөн.

– Бир учурда Жумгал эли жолду тосуп чыгышты эле…

– Жолго чыгып эл ызы-чуу кылса эртең бүтө калчу жумуш эмес да. Аны өзүм жеринде барып элибизге түшүндүрүү ишин кылып келгем. Бүт маалыматты жергиликтүү кеңешке тапшырып, элди сабырдуулукка чакыргам.

– Маектин соңунда спорттон алыс адам эмес экениңди, анын ичинде каратени катыра машыгып жүргөнүңдү билет элек. Эл өкүлү катары демөөрчүлүк иштерди колдоого алып жүрөсүз, азыр спортту таштай элексизби?

– Туура айтасыз, убагында карате менен машыгып жүрдүк. Ийгилик коштогон күндөр болду. Азыр болсо спорттун бодибилдинг түрү менен машыгууну улантуудамын. Бир жумада бир жолу футбол ойнойм. Нарын облусу боюнча ММА Эрежесиз эр уруш федерациясынын президентимин. Жылдын соңунда Нарын облусунун ММА боюнча ачык биринчилигин өткөрүүнү мелжеп турам. Ал эми демөөрчүлүк иштерден качкан эмеспиз, жасап жүрөбүз. Бир сөз менен айтканда, эл өкүлү болуп келгенге чейин эле спорттук иш-чараларга жандуу катышып, колдоо көрсөтүп келгем. Азыр да колдоо кылып турам жана колдой бермекчимин.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: