Menu

Икрам Илмиянов: «Жээнбековдун талапкерлигин мен сунуштадым деп мактанган эмесмин»

Бөлүшүү:

— Икрам мырза, кийинки учурларда дайыныңыз билинбей кетип, маалымат булактары түрдүү кептерди таратууда. Мында Сизди Америкага чыгып кетти деген да кабар болду. Ал жактан келдиңизби?

— Жок, мен Америкага барган жокмун. 30 күндүк Рамазан айында кичи Умрага барып, Мекке-Мединада зыярат кылып жүрүп эми гана Кыргызстанга келдим.

— Анда АКШга барам деген планыңыз барбы?

— Жок, андай планым да жок. Учурда Орусияга барууну көздөп жатам. Анткени 2 жылга жакын мурун апама ошол жактан операция жасалган. Учурда апамдын илдети күчөгөнү байкалууда. Ошондон улам кайра Орусиядагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарылануусун улантышы зарыл. Ошондуктан, азыр ал жакка апамды алып барып, жанында болууну пландап жатам.

— Сиз саясаттасызбы же андан кеттиңизби?

— Жок, мен буга чейин да саясатта болгон эмесмин. Ал эми мамлекеттик кызматтан өз ыктыярым менен баш тартканмын. Азыр өзүмдүн жеке жумуштарым менен эле алек болуп жүрөм.

— Сизди Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин “мен көрсөткөмүн”, — ​деп мактанып жүрөт деген да маалыматтар чыкты. Буга эмне дейсиз?

— Эч кандай Жээнбековдун талапкерлигин мен сунуштадым деп мактанган эмесмин. Бул кимдир бирөөлөрдүн өз кызыкчылыктары үчүн чыгарган жалган сөздөрү. Эгер ал сөздү уккан адам болсо, аты-жөнүн ачыктап эле тастыктап берсин. Бирок президенттик шайлоодо көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу анын талапкерин колдогом, ал тургай штабында да иштегенимди жашырбайм.

— Негизи сиз Орусиядан кайра кайтып келесизби?

— Албетте, сөзсүз Кыргызстаныма келем.

Каныбек Темиров

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: