Menu

Сагынбек Абдырахманов, Чүй облусунун мурунку губернатору: «Атамбаевди өзүнүн досу Туйгунаалы Абдраимов “шизофреник” деп айтып жүрсө, ошондой оорукчан адамга теңелемби!»

Бөлүшүү:

— Сагынбек байке, мурунку президент Атамбаев бир кезде өзү менен чогуу жүргөн, КСДПнын эски гвардиясын “Форумдагы” кеңсесине чакырып, алар менен жолугушуу өткөрүп, сизге асылганы тууралуу маалымат сизге да жеттиби?

— Ооба, Атамбаев болгону 12 баланы чогултуптур. Ар кайсыл сөздөрдү сүйлөп келатып эле мени “итерем” деп сол колунун муштумун оң колунун алаканы менен чапкылап асылыптыр. Президент болгон адамдын деңгээли ушул да. Ошол жыйынга барган балдар “Форумдан” чыккандан кийин мага келип “Сашка байке, ушундай кишини кантип президент кылып шайлаганбыз?! Сиз өзүңүз Атамбаевди шайлагыла деп үгүттөп жүрбөдүңүз беле! Анын сүйлөгөн сөзүн угуп, колдорун чапкылаганын көрүп оозубуз ачылып, таң калып калдык” деп айтып келишкен. Жыйынга баргандардын баары эле партиялаштар эмес. Баарын эле эски партиялаштар деп айтканга болбойт. Атамбаев балдарды өзүмө тартам деп ойлосо керек. Азыр анын артынан эч ким ээрчибейт.

— Сизди “Кыргызалтындан” кантип кеткенин билесиңер?” деп айтыптыр. “Кыргызалтындан эмне себептен кеттиңиз эле, өзүңүз ачыктап койбойсузбу?

— “Кыргызалтындан” кеткеним боюнча сотко чейин баргам. Сот Канат Исаевдин карындашы болчу. Ошол мага “Тигил жак менен сүйлөшүп алыңызчы” деп Атамбаевди көрсөтүп жатпайбы. Мен Жерүй алтын кени боюнча булардын ишине каршы чыккам. Өзгөчө Терек-Сайдагы кендер сатылып кеткенин ачык айткам. Булар эптеп мени кетириш үчүн бир шылтоо табышы керек болчу. Кийин президентке кирип чыкканымда “Сапар Исаков кылды” деп айтпадыбы. Мен мурун эле Сапар Исаков, Фарид Ниязов экенин билчүмүн. Эгер “Кыргызалтында” менин туура эмес ишим болгон болсо, булар эбак эле түрмөгө олтургузуп коймок.

— Атамбаев сизди колдорун чапкылап тигинтип коём деп айткандан кийин сиз ал киши менен жигитче бетме-бет кездешип, жообун бере аласызбы?

— Мен ким болбосун жигитче бетме-бет кездешүүдөн эч качан качпайм. Ага дух дагы жетиштүү. Бирок, Атамбаевдин оорукчан экенин өзүнүн досу Туйгунаалы Абдраимов белгилеп, “шизофреник” деп ачык эле айтып чыкпады беле. Ошондой адамга таарынып же тең келип болобу?! Мен деле өзүнө окшоп “Менин энемди тигинтип коём деген сен кимсиң?” деп атырылып, ордуна коюп койсом болмок. Бирок, туура эмес кадам болуп калат. Теңелгим да келген жок.

— Атамбаевди КСДПдан чыгаруу боюнча партиянын кезексиз жыйыны эмне болду?

— Кечээ күнү Ошто болгом. Ал жакта дагы эски партиялаштар “Сагын байке, сиздин көтөрүп жаткан маселеңиз туура. Биз да сизди колдойбуз. Чүйдө облустук жыйын өткөрсөңөр, бизди конок катары чакыргыла. Атамбаевди КСДПнын төрагалыгынан эле алып койбой, партиядан чыгарыш керек. Болду эми, эс алсын да” деп айтышты. Азыр Жалал-Абаддамын. Бул жердеги балдар дагы ошондой эле сөздөрдү айтып жатышат. Атамбаев ар кимге асыла бербей, балдарды чакырып алып тигинтип таштайм деп колдорун чапкылай бербей эс алсын да. Анын айласы калбай калды. Менин үйүмө инилерим “Атамбаевге тийишпей эле койбойсузбу?” деп келишиптир. Аларга Атамбаевдин өзүнө тийишкен жокмун, кылмыш ишине шектүү болуп камалып жаткандар партиянын уставы боюнча партиядан кетиши керек дедим. Келгендер “Жо-ок байке, ага Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков күнөөлүү” дешет. Атамбаевдин уруксаты жок бул адамдар бир да ишти аткара албайт болчу.

— “Сашка мага тийишпесинчи…” деп ортого адамдарды салып жаткан экен да?

— Ошондой болуп жатат. Өмүрү мага телефон чалбаган аксакалдар дагы мага телефон чалып “Саке, сенин көтөрүп жаткан маселең абдан туура. Бирок, Атамбаевге тийишпей эле койчу? Мен сенин байкең катары суранып жатам” деп айтып жатышпайбы. Атамбаев ошол адамдарга “Сагынбекке айткылачы” дегенден кийин алар мага чыгып жатат да. Инилерим үйгө жөн келди дейсиңби?

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: