Menu

Жээнбековдун жүгү оор, кайда караба Мамайдын гөрү

Бөлүшүү:

Президенттин кабыл алуусуна кирип чыккандардын айтуусунда, ал киши башын кармап, “Мекенди туңгуюкка такалган жеринен кантип чыгарам” деп жумушка таң атпай келип, кечинде эң акыркылардан болуп кетип катуу иштеп жатыптыр. Чын эле, Сооронбай Шарипович ак көңүл, ичинде кири жок киши болгон үчүн, досу Атамбаевдин айткандарына эл катарында эле ишенип жүрүп, жанды кашайткан кредиттердин көпчүлүгү көз көрүнө  уурдалганы, эл аралык карым-катнаштарыбыз ушунчалык начарлаганы жана өзгөчө укук коргоо органдарындагы коррупция тамырлашып кеткени боюнча мамлекет башчысы болгондо гана колуна атайын маалыматтар түшүп, көзү ачылыптыр. Мурун деле губернатор, министр жана өкмөт башчысы катары проблема көп экенин билчү, бирок президентикке баратканда «Атамбаевдин жолун улайбыз” деп ишенимдүү айтса, азыр “мы пойдем другой дорогой” деп жарыялоого аргасыз болуп турат. Саясатыбызда, экономикабызда, маданиятыбызда, айтоор, кайсы гана тармакты алып көр, баардыгы өтө коркунучтуу абалда экенин азыркы мамлекет башчы көрүп- билип турганын, элди алдап, «баардыгы жакшы, сөзсүз Орто Азияда эң өнүккөн өлкө болобуз” деп курулай эле каргана бербей, мурунку президенттерди жамандап, аларды күнөөлөбөй, шымаланып ишке киришип, жалпы элдин башын бириктирүүгө кадам шилтегени жатыптыр. Чыгаан уул-кыздарыбызды Жээнбеков бирден чакыртып, кызматка тартып, Атамбаев тандаган шоопур, ошонун деңгээлиндеги сабатсыз министр, губернатор, жетекчи жана адистерди сый менен узатып атканын угуп да, көрүп да жатпайбызбы.  Кандай болгон күндө дагы Жээнбековдон жалпы элибиз жакшы нерселерди үмүт этип , ийгилик каалап турганы да бүгүнкү чындык.  Жүгү оор, заманы кыйын, бирок калың элдин колдоосуна ээ президенттин эң чечкиндүү реформаларды өткөрүүгө тарыхый мандаты бар! Жакынкы күндөрү эскинин калдыктарынан биротоло тазаланып, эл күткөн реформалар башталарына шек жок. Болгону бизден колдоо гана керек.

К. Тагаев

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: