– Жумурткадан кыр издегендер ар кандай нерсени өз деңгээлине жараша ойлошуп, ар кимге ар кандай сөздөрдү жабыштыра беришери чындык. Бекен Назаралиевдей патриот, кыргызга күйгөн, чындыкты-чындыктай айткан журналисттер коомубузда жокко эсе. Бекендин деңгээлине тең келе албаган журналисттер, ага биринчи ирет асылып жатышкан жок. Мен Бекенди канча жылдан бери билем. Жүрөгү кыргыз деп соккон инсан, мыкты журналист экенин тана албайм. Ошондуктан кээ бир маалымат айдыңында жазылган макалаларды окуп алып бир эсе таң калсам, бир чети күлкүм келди. Оозуна алы жетпегендер ар кандай ярлыктарды тага берет. Андайларга маани берип кереги жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ