Menu

Ташбаев менен Эсенаманов унутта калабы?

Бөлүшүү:

Чынын айтыш керек, коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Үлкөн кызматты аркалаган чиновниктерге укурук салынып, түрмөгө отургузула баштады. Мына эки экс-премьер СИЗОдо жеп-ичкендерине жооп бере турган болууда. Дагы алдыда камала тургандар кезек күтүп жатышат. Мурдагы жаратылыш ресурстар министри болгон Замирбек Эсенаманов менен геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси болуп иштеген Учкунбек Ташбаевге карата кен байлыктарына болгон лицензияларды оңду-солду берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени боюнча коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши аягына чыкпай «кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болгон. Эсенаманов эркиндикте эч нерсе болбогондой тайраңдап жүрөт. Ташбаев болсо «Ихлас» курулуш фирмасын иштетип, кылы кыйшайган жери жок.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: