Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго карата кылмыш иши козголгондон кийин, аны менен биргелешкен ири бизнеси бары айтылып жүргөн Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов каржы ресурстарын, бизнестерин сыртка чыгарып жатканы кеп болууда. Буга дейре «Кыргызнефтегазды» башкарып турганда 256 миллион сомду жеп койгону боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп камай турган болгондо, депутаттар жоопкерчиликке тартууга уруксат бербей сактап калган. Ошондон кийин Албек мырзанын этегин кармап, бийликтин тилин тапкан. Эми Ибраимовдун тагдыры бүдөмүк тарта баштагандан бери байлыгын сактап калуунун камын көрүүдө. Жакында эле эки-үч аксакал «Пирматов «Кыргызнефтегазда» иштеп турганда 500 миллионду кымырып кеткен, элдин акчасын кайтарып берсин» – деп коңгуроо кагышты. Бийлик бул Пирматовду камап, ичкен-жегенин кустурбаса болбойт го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ