Menu

Калыкбек Султанов 600 миллион долларды сиңирип кеткенби?

Бөлүшүү:

Жакында эле Эсеп палатасы эң коррупциялашкан мекеме катары Транспорт министрлигин атаган. Ага чейин Башкы прокуратура дагы дал эле ушул нерсени айткан. Эл болсо Транспорт министрлиги коррупциянын чордону болсо, анда эмнеге бир дагы жетекчиси камалбайт деген суроого жооп таппай жатышат. Коррупция гүлдөгөн, бирок коррупционер жок деген нерсе мыйзамды албаганда да, логикага туура келбейт эмеспи. Мына интернетте түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууда 600 миллион доллардын изи чыкпай жаткан коррупциялык схемага байланыштуу документтер жарыяланды. Бул кыцыр ишке транспорт министри Калыкбек Султанов менен азыркы министр Жамшитбек Калиловдун тиешеси бардыгы ачык жазылган. Туз эле кулактарынан жетелеп барып түрмөгө отургузчу «иттин өлүгү» жыттанат. Коррупция менен күрөшкөн органдар кумга башын тыккан төө куштардай ун катыша элек. Бул жердеги коррупциянын жанында ТЭЦтеги чыр эс алат экен…

Бир миллиард доллардан ашык каражаттын 400 миллион доллары жумшалып, 600 миллиону желип кеткенин укук коргоо органдары иликтеп, укуктук баа бериш керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: