Коррупцияга шектелип камалагандар куландан соо туруп эле ооруп калышкан өнөкөт даты да болсо күчүндө. Атамбаев президент кезде камалган коррупционерлердин көбү «ден соолугуна шылтоолоп үй камагына чыгып» ошол бойдон жазадан кутулуп кеткендер болгон. Ошол «фокусту» азыркы кезде камакта отурган коррупцияга шектүү аткаминерлер дагы колдонуп көрүүгө аракет кылышууда. Алсак, ТЭЦтеги чуулгандуу ишке байланыштуу камалышкан “Улутгук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ден соолугун шылтоолоп, үй камагына чыгарууну айтып ыйлактоодо. Дал эле ушундай өтүнүчтү камактагы Жогорку Кецештин депутаты Осмонбек Артыкбаев менен Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов дагы айтышууда. Жеп-ичип жатканда күптү болуп оорубагандар, камалса эле ооруп өлгөнү калышат. Булардын амалына алданбаш керек. Эптеп акча алышып үй камагына чыгаруу схемасын жүргүзүп көнүп калышкандардын дагы тизгинин тартыш керек..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ