Menu

Диплому жок депутат болобойсуң

Бөлүшүү:

Кенжебек Бокоев диплому жок жана оор кылмыш кылгандар президенттикке, депутаттыкка талапкер боло албай турган мыйзам иштеп чыкты. Аталган мыйзам жазылып бүтүп, Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ага ылайык, жогорку билими жок жана оор кылмыш кылып соттолуп, соттугу жоюлгандан кийин канча убакыт өтсө да Кыргыз Республикасынын Президенттигине жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло албайт деген чектөө киргизилет.

Бүгүнкү иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарында мындай нормалар жок. Жогорку билими жоктор да, соттолгондор да талапкер боло алат. Албетте бул мыйзамга өлкөнү уурдап байыган чиновниктер жана уурдап кармалып камалган саясатчылар каршы болошу мүмкүн, бирок карапайым элге эң керектүү мыйзам. Коррупционерлердин тагдырына балта чапкан Кенжебек Бокоевдин мыйзамы тезинен кабыл алынышы керек!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: