Жогорку сот 12-июлда “Сентябрь” телеканалын жа-буу тууралуу Бишкектин Биринчи май району чыгарган чечим боюнча кассациялык арызды кайра карайт. Буга байланыштуу “Медиа полиси институту” арыз жазганын адвокат Акмат Алагушев: «Арызды биз мурда эле бергенбиз. Бирок «бул туура эмес каралып, ишеним кат туура эмес түзүлдү, аныктама менен каралсын» деп калтырып койгон. Биз ошону так-тап туруп кайра арыз бердик. Эми ошону карамай болду» – деп билдирди.
Белгилей кетсек, декабрь айында Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Биринчи май райондук сотунун дудьясы Жылдыз Жумабаева карап, телеканалдын жана анын сайтынын ишмер-дүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндө 2017-жылдын 22-августта чечим чыгарган. Мунун ордуна «Жалбырак-ТВ» иштей баштаган.
Кызыгы, аталган канал ким тарабынан, эмне себептен улам жабылды эле деген суроо коомго кызык болуп турат. Сөз эркиндиги дегендер бул боюнча эмнегедир үн каткандан айбыгып жаткандары чатак. Соттор кандай чечим кабыл алышаар экен?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ