Menu

Төрөбай Зулпукаров, депутат: Сайсий өңүттө кылмыш иштери козголуп жатат дегендер адашат

Бөлүшүү:

Коррупциялык күрөш кандай өңүттө жүрүп жатат деп эсептейсиз?

– Коррупциялык күрөш жүрүп жатканына көп болду. Бүгүнкү күндө жаңы этапка чыкты. Саясий өңүттө кылмыш иштери козголуп жатат дегендер адашат. Себеп дегенде камалгандардын көпчүлүгү учурунда бир командада, бир саясий багытта жүргөндөр. Бирок бир нерсеге этияттап мамиле кылышыбыз керек. Кылмыш иши козголсо эле коррупционер деп атаган туура эмес. Соттун чечими чыга электе, кылмышка шектүү адамды күнөөлүү же таза адам деп айтуу чекилик болот. Ошондуктан тергөөнүн жыйынтыгы менен сот чечимин күткөнүбүз оц.

– КСДПнын ичинде ажырым тереңдеп кеткени коомдо кызуу талкууланып жатат. Ушул чынбы?

– КСДПнын ичинде ажырым терецдеп кетти дегенге кошулбайм. Ошол эле кезде, таптакыр келишпестик жок деп да айталбайм. Анткени экс-президент менен учурдагы президенттин айрым маселелерде көз караштары дал келбей калган учурлар бар экенин элдин баары эле көрүп-билип жатат. Албетте, КСДПнын депуттаттарынын же партия мүчөлөрүнүн кайчы ой-пикирлери коомго ажырым бар тура дегенге жем таштап коюшу ыктымал. Бирок ар бир адамдын кулк-мүнөзү, ой-пикири бири-бирине окшобой турганын эстен чыгарбашыбыз керек.

– Экс-президенттин айланасындагылар жалаң эле ичип-жешкен тура деген пикирлер айтыла баштады. Атамбаев жана анын командасы кандай иштеди деп ойлойсуз?

– Негизинен алганда 6 жыл ичинде ишке ашкан долбоорлор жана ага алынган насыялар пайдалуу болгон десем жарашат. Бирок ошол долбоорлорго сарпталган каражат максаттуу пайдаланганбы деген маселеде суроолор көп. Анткени коптогон коррупциялык иштердин сыры ачылып жатат. Коррупциянын баары чар-балык иштерден чыгууда. Чарбалык-экономикалык маселелерге өкмөт жоопкер.

– Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, ал тапшырбай кеткен отчетту учурдагы премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев тапшырды. Жогорку Кеңеш канааттандырарлык деп тапты. Парламент эки жүздүүлүк кылган жокпу?

– Жок, мен андай деп ойлобойм. Себеби Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен өкмөтгүн отчету эки башка. Биз мына ушул нерсени чаташтырбашыбыз абзел. Исаковго жеке өзүнүн кабыл алган чечимдеринин кемчиликтерине байланыштуу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Экономиканын осушу, социалдык программалардын ишке ашышы, бюджеттин аткарылышы боюнча эч бир доомат болгон эмес. Сапар Исаков отчетко келгенде коалициялык көпчүлүк колдогон. 2017-жылкы өкмөттүн ишинин 8 айына президент Сооронбай Шарипович жооптуу болгон. Ошол эле Абулгазиев 1-вице премьер болуп иштеген. Исаков 4 айына гана жооптуу болчу. Жалпысынан алганда былтыркы жылдын көрсөткүчү бардык жагынан жакшы болду. Ошол себептен Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп баалады.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: