Menu

Трамп: мыйзамсыз мигранттарды сотсуз эле депортациялоо керек

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттарды соттук териштирүүлөрсүз эле өлкөдөн чыгаруу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“Кошмо Штаттар өлкөгө кирүүнү каалаган бардык жарандарды кабыл алууга кудуреттүү эмес. Ошондуктан алар тезинен туруктуу жашаган жерлерине эч кандай сотсуз жана териштирүүлөрсүз жөнөтүлүшү абзел”,- деди ал.

Буга чейин президенттик администрация “нөл сабырдуулук саясатын” жокко чыгарган. Бул документте мыйзамсыз мигранттарды милдеттүү түрдө жоопко тартуу жана аларды балдарынан ажыратуу каралган болчу. Ички коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча 5-май менен 9-июндун ортосунда АКШга анын түштүк чек арасынан кирген мыйзамсыз мигранттардын 2300дөн ашуун баласы ата-энесинен ажыратылып, атайын лагерлерге жайгаштырылган. Алардын 522си ата-энесине кайтарылган.

Президенттин жаңы жарлыгында балдар менен чоңдорду атайы жайда чогуу кармоо каралган.

Өкүлчүлүк палатасынын он мүчөсү, бир сенатор жана америкалык белгилүү инсандар Вашингтонду “нөл сабырдуулук саясаттан” баш тартууга чакырып, ачкачылык жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: