Menu

Самарканддагы бардык курулуш иштери жыл соңуна чейин токтотулат

Бөлүшүү:

Самарканддын башчысы Фуркат Рахимов шаардагы бардык курулуш иштерин токтотууна тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар калаа жетекчилигине шилтеме кылып жазышты.

Калаа башчысы Фуркат Рахимов акыркы кездери тарыхый жана маданий мурастарга зыян келтирип жаткан курулуш иштери тууралуу басылмаларга көп жазылганын белгиледи. Ал курулуш иштеринин кесепеттерин алдын алуу жана ЮНЕСКОнун коргоосундагы тарыхый эстеликтерди сактап калуу үчүн шаарга жаңы башкы план керек экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы башкы план кеминде 2035-жылга чейин иштелип чыгат.

Өткөн ишембиде Самаркандга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барып, курулуш иштери жүрүп жаткан шаардын тарыхый бөлүгүндөгү жерлер менен таанышкан. Анда өкмөт башчы бардык курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүндө мыйзамдар менен эл аралык документтердеги милдеттенмелердин бузулбашын камсыздоону тапшырган.

18-июнда Самарканддын тарыхый бөлүгүндөгү курулуш иштери коргоодогу тарыхый эстеликтерге зыян келтирип, айрым тарыхый имараттар бузулуп жатканы кабарланган. Мындан улам 19-июнда андагы курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Жергиликтүү блогер Мурод Сарсенов Max Real Stroy Invest компаниясы тарабынан аткарылып жаткан курулуш иштери Өзбекстан 1995-жылы ратификациялаган «Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарды коргоо тууралуу» конвенцияны буза турганын айткан.

Самарканд облус башчысынын орун басары Батыр Абдуллаев журналисттердин сынынан кийин жергиликтүү бийлик «туура жыйынтык чыгарганын» билдирди. Буга чейин өзбекстандык тарыхчылар XIX кылымда курулган Самарканддагы төрт мечиттин бузулушун сындап чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: