Menu

Сот Тунгышбаевди экстрадициялоого макул болду

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду.

Муну менен башкы көзөмөл органынын чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы четке кагылды. Бул тууралуу 25-июндагы соттук отурумга катышкан укук коргоочу Рита Карасартова «Азаттыкка» кабарлады.

– Сот экстрадицияны туура деп чечип, “Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 131-беренесине ылайык ага каршы арыздансаңар болот” деп койду. Анда “тергөө-иликтөө иштери жүрүп жаткан жерден арызданса болот” деп турат. Бул “Казакстанга барып арыздангыла” деген эле кеп. Эң башында карап жатканда “бул кылмыш иши эмес, прокуратуранын жазган сунуштамасын карап жатабыз” деп башташкан. Аягында кодекске таянып башаламан чечим чыгарып койду. Мындай болбошу керек.

Адвокат жана укук коргоочулар “мамлекет Бишкектин №1 тергөө абагында отурган Тунгышбаевди бүгүн эле Казакстанга өткөрүп бериши ыктымал” деп чочулап жатышат.

Буга чейин “Human Rights Watch” (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди “өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт” деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин жактоочулардын бири Нурбек Токтакунов Тунгышбаевге Кыргызстандан баш паанек берүү маселесине УКМК тоскоолдук кылып жатканын айтып чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: