Menu

Түркмөнстандагы «азык-түлүктүн көптүгү» жергиликтүү жана өзбек ЖМКларынын чагылдыруусунда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мамлекеттик телеканалы Түркмөнстанда нан тартыш болуп жаткандыгы тууралуу репортаж көрсөттү.

Түркмөн жарандары өлкөдө азык-түлүк тартыш экенине даттанып жаткан чакта, 20-июнда өкмөткө ыктаган Turkmenportal.com сайты Түркмөнстанда азык-түлүк кенен болуп жаткандыгы тууралуу макала жарыялады.

«Ушул күндөрү өлкөнүн бардык базарларында, соода борборлорунда жана дүкөндөрүндө жогорку сапаттагы азык-түлүк товарлары менен жашылча-жемиштердин мол экени байкалууда. Соода борборлордун азык-түлүккө толгон текчелери өлкөбүздүн соода тармагындагы жетишкендиктеринин символу болуп эсептелет», деп жазды Turkmenportal.com сайты.

Бирок анын эртеси Өзбекстандын мамлекеттик телеканалы Түркмөнстанда азык-түлүк тартыш болуп жаткандыгы тууралуу репортаж көрсөттү. 21-июнда «Ёшлар» телеканалынын «Давр» деген берүүсүндө коңшу өлкөнүн Мары жана Дашөгүз облустарында нан жетишпей, дүкөндөрдө кезек күткөн кишилер көп болуп жаткандыгы тууралуу айтылды. Анда ошондой эле түркмөн калкы оор экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканы белгиленген.

Акыркы бир нече айдан бери Түркмөнстанда нан, ун, шекер жана өсүмдүк майы менен катар эле башка азык-түлүк түрлөрү үчүн дагы узун кезек күтүүлөр жаралып, айрым тургундар бул азыктар үчүн алдын-ала бир ай эрте кезекке жазылып жаткандыктары кабарланган. Ошол эле маалда өлкөдө азык-түлүккө болгон баалар дагы жогорулоодо.

Өткөн жумада эле «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы аймакта 45 килограммдык бир кап ун 200 манаттан (расмий курс боюнча 55 доллардан ашык) сатылып жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: