Menu

Ош облусунда ажылык сапарга баруучу 1500дөн ашуун жарандарды окутуу иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Ушул жуманын башында, Ош облусунун аймагындагы 2018-жылдагы ажылык сапарга аттанган зыяратчыларга жана ажы башчыларга окутуу иштери башталды. Ош облустук казыятынын маалымат кызматы.

Аталган окуу семинары Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмунүн башчысы Равшан ажы Эратов, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмунүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана ажылык сапарды уюштурууга Ош облусу боюнча жооптуу адис Акжол кары Бакировдор тарабынан бекитилген графиктин негизинде райондордун борборлорундагы мечиттерде өтүлүп жатат. Семинардын жүрүшүндө зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери үйрөтүлүүдө.

Равшан ажы Эратовдун айтымында зыяратчыларга ажылык сапар учурунда ибаадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Аравия мамлекетинин ажылык учурундагы коюлган эреже тартиптерин, мыйзамдарын тереңдетип үйрөнүүсүнө басым жасалып, убакытты так сактоо жана жоопкерчиликтүү болуу милдеттери түшүндүрүлүүдө. Бул иш-аракеттер ажылык зыяратты аткаруудагы кемчиликтерди кетирбөөгө жана ажылык сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи.

Эскерте кетсек, аталган окуу семинарлары Ош облусунун аймагындагы жети райондо уюштурулуп, ажы башчылар да өз алдынча кошумча сабактарды өткөрүп жатышат.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: