Menu

Кокон бийлиги “ислам нормаларына каршы келген” сүрөттү оңдогону үчүн сындалууда

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Кокон шаарында жарым жылаңач периште аялдардын сүрөтү тартылган фресканы кайра оңдошту. Маданият министрлиги бул окуяны вандализм деп атап, аны иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.

Ташкенттик маданият таануучу Акмаль Ризаевдин билдиришинче, жарым жылаңач аялдардын сүрөтү Кокон шаардык театрынын дубалына тартылган. Анын айтымында, шаар бийлиги бул чыгарманы “ислам нормаларына карама-каршы” келет деп чечкен. Мындан соң белгисиз сүрөтчү аялдардын бетин чүмөттөп, кийим кийгизип, кайра тартып чыккан.

–Мындан тышкары советтик жоокерлердин образындагы тарыхый каармандарга кокон топусун жана чапанын кийгизип коюшкан. Акын Хамза Хакимзаде Ниязинин сүрөтү түшүрүлгөн фресканын бир бөлүгүн гипсокартон менен жаап коюшкан, – деди Акмаль Ризаев.

Анын айтымында, шаардык театрдын дубалындагы сүрөттү 2017-жылы Шавкат Мирзиёевдин сапары алдында шашылыш түрдө оңдошкон.
Сүрөттүн автору Бахадыр Жалолов бул окуяны “наадандык” деп атады.

– Мен али тирүүмүн, өлө элекмин! Эмне үчүн алар менин чыгармамды кайра оңдошту. Биздин өлкөдө диний түркөйлүк менен аткаминерлер дагы алектене баштаган турбайбы. Мен бул вандализм тууралуу президентке кат жазам, – деди сүрөтчү.

Мадания министрлиги фресканы жок кылуу иштерине шаар башчысы жетекчилик кылганын билдирди. Министрлик Кокон бийлигинин аракетин сынга алып, күнөөлүү чиновниктер жоопко тартыларын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: