Menu

Тажикстанда чет өлкө сапарларын чектөөнү жоюуну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда жарандык коомчулук өкүлдөрү мугалимдер менен студенттердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизген Билим берүү министрлигинин буйругун жокко чыгаруу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылышты. Билим берүү жана илим министрлиги кол алдындагылардын уруксат кагазы жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Коомдук уюмдардын, анын ичинде Independent Center for Human Rights Protection борборунун билдирүүсүндө Билим берүү министрлигинин буйругу Конституцияга жана эл аралык конвенцияларга каршы келери айтылат. Тажикстандын Баш мыйзамына ылайык, жарандар ээн-эркин жүрүүгө, өлкө тышына чыгууга жана кирүүгө укуктуу.

Быйыл май айынан тарта мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар чет өлкө сапарларын алдын ала Билим берүү министрлиги менен макулдашууга милдеттендирилген.

Окуу жай жетекчилери эл аралык иш-чараларга катышып, сөз сүйлөй турган болсо баяндамаларынын мазмунун Билим берүү министрлигине кабарлоого милдеттүү. Иш-сапардан кайтып келген соң отчет берүү керек болот. Орто мектептин мугалимдери жана окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышса дагы бийликтен ушундай эле тартипте уруксат алышы зарыл.

Тажикстан Билим берүү министрлиги бул буйрук студенттердин жана окутуучулардын чет өлкөгө чыгуусун жеңилдетүү үчүн киргизилген деп ишендирүүдө. Мындан тышкары министрлик бул аракетин жаштарды терроризм пропагандасынан сактоо аракети катары сыпаттады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: