Menu

Тажикстанда диний партиянын мүчөсү саясаттан кеткенин жарыялады

Бөлүшүү:

Тажикстан ислам кайра жаралуу партия лидеринин укук маселелери боюнча кеңешчиси Зарафо Рахмони саясаттан кетип, айылдыктардын, айрыкча кыздардын билимин жогорулатуу маселеси менен алектенерин билдирди.

2015-жылы ал диний партиянын саясий кеңешинин башка мүчөлөрү менен тергөө абагында отуруп чыккан. Зарафо Рахмони темир тор артында өткөргөн күндөрү тууралуу кеп кылгысы келбейт. “Мен ал учурду эстегим келбейт, бирок бул оңой эмес экенин мойнума алам”, -деди ал.

Учурда ал ден соолугун чыңдап, балдарды тарбиялоо менен алектенип жатканын айтты.

Ал “Жаркын келечек” аттуу уюм түзүп, аялдарга билим берүү жагын колго алууну пландоодо.

Үч жолу – 2005, 2010 жана 2015-жылы ал тажик парламентинин төмөнкү палатасыны депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Акыркы жылдары адвокаттык ишмердүүлүк менен да алектенип, Душанбе шаарынын көз карандысыз адвокаттар коллегиясынын мүчөсү болгон.

Зарафо Рахмони 2015-жылы коргоо министринин мурдагы орун басары генерал Абдухалим Назарзода уюштурган куралдуу козголоңдон кийин Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсү менен бирге кармалган. Тажикстандын Жогорку соту диний партияны террордук уюм катары жарыялап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

2016-жылы Тажикстан Жогорку соту камалгандардын баарын узак мөөнөткө эркинен ажыраткан. Эки жылга түрмөгө кесилген Рахмони жыл айланбай тажик президентинин кечирими менен эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: