Menu

Бутка чапкысы келиштиби?

Бөлүшүү:

Ымтырап отура берген депутаттардан түңүлгөн карапайым калк бекер жерден парламенттин тарап кетишине деле кайдыгер карабаган чыгар? Акыйкатында эле  элдин ырысына чогулду деген парламенттен омоктуу кадамдар таштала элек. Мажирөөлөрү эптеп кызматка кетип жатканы жөн жөрдөн болбогондур? Анткени ар ким өзүнүн деңгээлине жараша ишин кылышы туура келет. Ага болбой эле шөмтүрөп ак үйдө отура берүүнү эңсегендер деле жок эмес.  Айтор, омоктуу пикирин,чагылгандай сунушун, ачуу сындарын айтканга жарагандар саналуу эле.

Акыркы мезгилде депутат Рыскелди Момбековдун курч айтылган сындарына териси ачышып калгандар ар кандай тескери өңүттөгү амалдарды ишке тарта башташканы ачык байкалды. Таптакыр болбой калганда жасалма дипломду ме деп туруп чаптаганга аракет кылышты. Сурамжыласак андай кочкул түстөгү иштер аркылуу бул эл өкүлүн сындырууга мүмкүн эмес деген жоопту уктук. Жамактатабы, сөзүнө кайнак суу аралаштырабы, депутаттын өз эрки. Себеби, алар парламентке элдин талабын талашканы келген. Кимге жакпаса ал каналды өчүрүп, башкасынын кулагын бурасын. Буга кулак салчулар кимдин кебин уккусу келерин бирөөдөн сурабайт. Ташка тамга баскандай таамай айтылган туура сөздүн зыяны элге тийбейт. Кесепети башты кумга каткандарга тие берсин, аларга ошондой мамиле керек. Бутка чапса эле какый дегенден Рыскелди алыс деп койсок айрымдардын өңү керсары тартканына деле кайылбыз. Качан эле түлкү күлүк тайганды жактырды эле…

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: