Menu

Апрель баатырларына даңк же ат коюудагы алжымай туралуу

Бөлүшүү:

Апрель ыңкылабына 8 жыл толгондон кийин ойгоно калып, “эч болбосо, кеч болсун” дегендей, бул окуяны элдин эсинде түбөлүк калтыргысы келгендер капыстан пайда болду да, оң турган нерсени бузду.

Капыстан дегеним, 2010-жылы канкорлордун огунан каза тапкандарга арналып Кеминде балатылар тигилип, Маданият үйүндө чоң жыйын өтүп, куран түшүрүлгөн. Ошол жыйынга жазуучу жана тарых изилдөөчү Асыкбек Оморовду ээрчитип барып, ушул токсонго жакын баатырдын атын кыргыз жерин бир жарым кылымдан бери булгап келген “-овка, -евкалардын ордуна койбойлубу десем, чүйлүк туугандар күңк-мыңк этип тим болгон. Андан кийин Сокулуктун Маловодный айылында элди жыйып алып ушул сунушумду кайрадан төмөнкүчө айттым: “1916-жылы падышалык бийликтин баскынчылары кыргызды, анын ичинде ушул эле сокулуктуктарды кырган. Тирүү калгандары Кытайга үркүп кеткенин жакшы билесиңер. Силердин Ичке-Суу деген айылыңардын атын орусчага которуп, Маловодный деп ошолор койгон. Ак-Сууну – Беловодская, Кызыл-Сууну – Красноречка, Карагайлууну – Сосновка, Камыштууну – Камышановка, Бүркүттүүнү – Орловка, Таштакты – Каменка, Шалбааны – Полянка, Күнөстүүнү- Рассвет, Салкын-Төрдү – Прохладный, Баш-Булакты -Ключевка, Tooөтөктү – Подгорный, Жайылманы – Раздольная ж.б. деп орусчалап, орустун жерине айландырган. Которулбагандарына Ивановка, Покровка, Александрова, Антоновка, Серафимовка ж.б. деп кайдагы бир баскынчылардын аттарын койгон. Ал кездеги караңгы, момун кыргыз жер-суусунан ажырап запкы көрөөрүн, акыры барып өз жерине батпай тентип калаарын, эми минтип бийлик башындагы өздөн чыккан жаттын огунан кырылаарын билген эместир.

Улуу Октябрь ыңкылабы, Ленин болбогондо кыргыздын кийинки тагдырын ким билет эле. Эми 100 жылдан кийин да эгемендиктин ээрине эптеп калпыс көчүк баскан көчмөн кыргыз ошол “ыйыктардын” ысымына жыты сиңишип, алыстай албай дагы деле кылчактап турат. Кылчактаса мейли эле, баарын тетири жасап күйгүзүп жатпайбы.

Айлыңарга Ичке-Суу деп эски атын берели, болбосо “апрель баатырларынын” биринин атын коёлу кандай дейсиңер десем, улгайган бирөө: “Андан эмне өзгөрөт эле, андан көрө пенсияны көбөйтпөйсүңөрбү!” – дейт. Бүгүн сегиз жылдан кийин “апрель баатырлары” эске түшүп жатканына каршы эмес элем. Согушу жок туруп эле жаштайынан жайрап калган бечараларга кабырга кайышат. Алардын атын түбөлүк калтыруу – баарыбыздын парзыбыз. Бирок мурда аты коюлуп калган Шабдандай улуу инсандан көчөнү талашпай, ошол “Форумга” катар жайгашкан “Восток-5” кичирайонун, андан да бийиктетиш керек болсо, кыргыз үчүн кылдай мааниси жок Свердлов деген жөөттүн атындагы районду берсе, акылга аз-аз сыймак. Эл менен кеңешпей, мурда аталып калган көчөдөн атын алып ыргыткыдай Шабдандын кандай күнөөсү бар? Жоомарттыгы, берешендиги, боорукердиги менен өзгөчөлөнгөн баатыр Шабдан жарым падыша аталып, учурунда Түркстандын беги болгон. Александр IIIтүн такка отуруу аземине ардакталып чакырылган. Ошончо кадыры болбосо, эки миң боз үй тигилип, эки жүз миң адам катышкан Көкөтөйдөн кийинки эле чоң аш берилет беле? 1912 жылы көзү өтүп кетпегенде айлакер, акылман Шабдан 1916-жылы элин кыргынга учуратмак эмес.

Ат коюуда адашып эле туруп алдык. Мен 1990-жылдарда Фрунзе шаараткомунун Топонимика комиссиясынын жооптуу катчысы катары алгачкы жаңы конуштардын атын улуттук салт менен коюу демилгесин ишке ашыргандардын биримин. Бүгүн да Мамтил комиссиясынын атынан Бишкек мэриясынын Топонимика комиссиясынын мүчөсүмүн. Жогорудагы калпыс чечимди комиссия эмес, башкалар чыгарган имиш. Аны “башыңар алынганы жатат” десе деле ойлонуп-ойлонбой баш ийкеп көнгөн ЖоКебиз колдоп койгон сыягы.

Ат коюуда жалан алжыгандын үстүндөбүз. Мурунку жаңылыштыктар сабак боло элек. Былтыр солто туугандарым Жыламышты жыга чаап, Жангарач кылышты. Жаным кашайып газетага жаздым, “Солто” коомунун курултайына төмөнкү текстти тараттым: “Жангарачтын ысымын бир эмес, беш кыштакка койсо арзыйт. Сокулуктагы силер даабай, колуңар барбай жаткан Гавриловка, Крупская, Новопавловка, Камышановка деген “ыйык” ысымдарга чокунуп отура бербегиле”.

Толок деген айылда жашаган бир “акылман” абышка (атын да атагым келбейт) гана тетириленип үн катты. Убагында ушундай адамдар Кетмен-Төбөнү – Токтогул, Дөрбөлжүндү – Баетов кылган эмеспи.

Бизде ат коюу баланын оюнуна айланды. Мыйзам, тарых, салтде-генди эч ким элес албайт. Чочуп ойгонуп эле “чоң атамдын атын койдурам” деп чогулуш жасагандар көбөйдү. Башка элде адистешкен атайын комиссиялар бар. Казакстанда андай уюм Казакстан өкмөтүнүн Ономастика комиссиясы деп аталат. Бизде андай маселени, адатта, жогору жактагы бир адам чечет да, кагаздарын кийин тууралап коёт. Мекемелер аралык деп аталган комиссиянын аты эле бар. Иштебейт. Бул башаламандыкты жолго салуу үчүн Өкмөттүн же ЖКнын алдында адистешкен атайын комиссия түзүү керек.

Аалы Молдоканов

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: