Menu

Мамлекетке 6 айда 1 миллиард 669 миллион сом чыгым келтирилген

Бөлүшүү:

УКМК 2018-жылдын башынан бери козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген чыгым 1 миллиард 669 миллион сомго бааланганын билдирди. Башкача айтканда, бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 150 миллион 545 миң сомду түздү. Алардын ичинен 95 миллиондон ашыгы мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн. Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 миллион 219 миң 937 сомду түзгөн. Кошумчалай кетсек,УКМКнын коррупция га каршы күрөшүү тергөө бел үмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: