Menu

Түркмөнстанда Түркиядан кайтып барган мигранттар кармалууда

Бөлүшүү:

Чет өлкөлөрдө мөөнөтү өтүп кеткен паспорт менен жүргөн Түркмөнстандын ондогон жараны мекенине кайтып баргандан кийин кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«Бийлик эски паспорт менен чет өлкөдө жүргөндөр жоопкерчиликке тартылбай турганын билдиргенден кийин, Түркиядан кайтып келген көптөгөн адамдар кармалышты. Мага 20 чакты киши кармалганын билдиришти. Алардын баары эски үлгүдөгү паспорт менен жүрүшкөн. Ызы-чуу жаратпаш үчүн аларга аэропорттон эч ким тийишкен эмес. Баары үйлөрүнө жеткенден кийин кармалышты. Азыр алардын иши тергөөдө», — деп билдирди басылманын кабарчысы.

Акыркы кездери Түркмөнстандын аймактарында атайын чогулуштар өткөрүлүүдө. Анда бийлик өкүлдөрү туугандары чет өлкөдө жүргөн жергиликтүү тургундарга кайрылып, кайтып келсе жоопкерчиликке тартылбай турганын убадалап, аларды мекенине кайтууга көндүрүүгө чакырышууда.

2008-жылы Түркмөнстан чет өлкөлөргө чыгуу үчүн тышкы паспортторду киргизген. Ага чейин өлкө жарандары бирдиктүү улуттук паспорт менен саякаттап жүрүү укугуна ээ болчу. Бирок Түркмөнстандын башка өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү паспорт бербегендиктен, жарандар бул үчүн мекенине келүүгө аргасыз болуп, көбү эски паспорт менен кала беришкен.

Акыркы кездери Түркмөнстанда жарандарды өлкө сыртына чыгарбоо аракеттери көрүлүүдө. Ашхабаддагы эл аралык аэропортто жарандар эл аралык каттамдарга киргизилбей жаткандыгы тууралуу маалыматтар көп айтылууда. Айрым түркмөнстандыктар бийликтин мындай аракетине ачык эле нааразылыгын айткан учурлар дагы кездешүүдө. Буга чейин каттамга киргизилбеген жарандардын арасында каза болуп калгандары дагы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: