Menu

Казакстан: Кыргызстандагы күйдүргү бизге коркунуч туудурбайт

Бөлүшүү:

Казакстандын Айыл-чарба министрлиги күйдүргүгө байланышкан Кыргызстандагы шектенүүлөр казакстандыктар үчүн коркунуч туудурбай турганын билдирди.

Министрликтин ветеринардык көзөмөл комитетинин төрагасы Арман Утегуловдун айтымында, учурда абал териштирилүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда күйдүргү жуктурган деген шек менен 11 киши ооруканага жаткырылды.

«Негизинен Кыргызстандан биз тирүү мал алып келбейбиз. Бирок биздин базарларга мал чарба азыктарын жеткирген ишканалар бар. Учурда 11 киши ооруп, оорукана жатканы белгилүү. Кыргызстандык кесиптештер менен иштеп, маселени чечебиз», — деди Утегулов журналисттерге.

«Эч кандай коркунуч жок. Алгач булагын табуу керек, андан кийин гана чараларды көрүү керек», — деди комитет төрагасы.

25-июнда Базар-Коргон районунун тургуну медициналык жардам сурап кайрылгандан кийин күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жаткырылган. Азыр ооруканада мал союуга катышкан 11 киши бар. Учурда тиешелүү лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: