Menu

Орусия сириялыктарга башпаанек берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Орусия Жогорку соту убактылуу башпаанек ала албай жаткан он Сирия жаранынын арызын кароодон баш тартты.

Сот “Сирияда аскердик тирешүү жок, контртеррордук операциялардын гана белгилери бар” деген аныктама чыгарган. Демек доо арыз жазгандар жеке куугунтук жана адамгерчиликсиз мамиле тууралуу кооптонбой эле койсо болот, деп жазды “Коммерсант”.

Жогорку соттун аныктамасында Сириянын калктуу конуштарынын көпчүлүк бөлүгү ок атышпоо режимине кошулганы, өлкөдө гуманитардык акциялар өтүп, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы, Сирия менен авиациялык байланыш бар экени белгиленген.

Буга чейин Иваново шаарындагы качкындарга Октябрь райондук соту убактылуу башпаанек берүүдөн баш тарткан. “Гражданское содействие” комитети билдиргендей, 2017-жылдын январь айына карата 1317 Сирия жаранына башкалка берилген, жайында алардын саны 1301ге чейин кыскарган.

БУУнун маалыматы боюнча Сириядагы кризиске байланыштуу 6,3 миллион киши көчүп жүрүүгө аргасыз болгон. Дээрлик төрт миллион адам коңшу өлкөлөрдөн башпаанек алган. 4,53 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж. Орусия Сириядагы аскердик операцияларга 2015-жылдан бери катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: