КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева гезиттерди барактап олтуруп, АШАга жана анын куйруктарынын былык иштерин ашкерелгендердин сазайын берүү максатында ММКларга даттанууларды карай турган комиссияга (Башчысы Шамарал Майчиев) байма-бай арызын жазууда. Мына, 21-июнда ал “Кабаринфо” гезитинин үстүнөн арыз жазып, өткөн жылдын 15-июнунда Исаков менен “Газпромдун” ортосундагы кызматташтыкты таптакыр башка бир өңүттө берип, балашканы “сложный” кылып шыбап салыптыр деп даттаныптыр. Бул тууралу “Кабар ордо” гезитинин башкы редактору Калдарбек Койлубайтегин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ