“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пежич 28-июнда Ташкентте Өзбекстан өкмөтүнүн өкүлдөрү, анын ичинде президент Шавкат Мирзиёевдин басма сөз катчысы Камил Алламжонов менен жолукту.
Жолугушууда Өзбекстанда “Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын кызматын кеңейтүү маселеси талкууланды. ЭЕ/АР радиосунун өкүлү кездешүү “позитивдүү” өткөнүн айтты.
Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Камил Алламжонов Фейсбуктагы баракчасына жолугушууда сөз эркиндиги маселеси козголгонун кабарлап, бул Өзбекстан президентинин саясатынын негизги багыты экенин белгиледи.
“Өлкөдө ачык-айкындуулук, макалалардагы объективдүү анализ жана сын кубатталат ”,– деп жазды Алламжонов.
Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин Ташкентте “Азаттыктын” өзбек бюросу иштеп турган. Бирок 2005-жылы Анжиян окуяларынан кийин жабылып калган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ