Menu

Өзбекстандын Каршин районунда план аткара албаган фермерлерди раймилиция башчысы сабаган

Бөлүшүү:

Буудай тапшыруу боюнча план аткара албай калган Кашкадарыя облусунун Каршин районунун фермерлери райондук милициянын башчысы тарабынан катуу сабалды.

Жабырлануучулардын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси фермерлерди эки сапар сабап, коңшу аймактардан буудай сатып алып, мамлекеттик планды толтурууну талап кылган.

28-июнда Каршин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жахангир Раджабовго карата кызматтык териштирүү башталды.

– Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бизге арыз жазып, кол койгула дешти. Экспертиза өткөрүүнү убадалашты. Биз жан дилибиз менен экспертизадан өтөбүз, –деди 33 жаштагы фермер Рахматулло Ходжамуродов.

27-июнда Каршин районундагы фермерлер кургакчылыктын айынан, буудай тапшыруу боюнча планды аткара албай жатышканын билдиришкен. Талапты орундата албагандарды райондук милиция бөлүмүнүн башчысы башка-көзгө койгулап, сабаганы кабарланган.

Жахангир Раджабов журналисттер менен байланышуудан баш тартты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: