Menu

Түркмөн бийлиги спутник антеналарга каршы күрөштү кайра баштады

Бөлүшүү:

Түркмөн бийлиги айылдарда спутник антенналарды алып таштоо боюнча иштерди күчөттү. Жергиликтүү аткаминерлер элет тургундары менен жолугушуп, антенналарды орнотпоо боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

“Азатлык” радиосу кабарлагандай, Дашөгүз облустук администрация жетекчилиги бюджеттик мекеме-ишканалардын башчылары менен жолугушуу өткөрүп, кол алдындагыларга чет өлкөлүк телеканалдарды көрүүдөн баш тарттыруу буйругун берген.

Буга чейин спутник антенналарга карата “аңчылык” негизинен ири шаарларда жана борбор калаада жүргүзүлүп келген.

Маалыматтарга караганда, өлкө калкы негизинен орус жана түрк телеканалдарын көрүшөт, чек арага жакын райондордо өзбек, казак жана азербайжан телеканалдары дагы популярдуу. Спутник антенналардын жардамы менен чет өлкөлүк радиолорду, анын ичинде “Азатлыкты” да угууга болот.

Түркмөнстанда 7 телеканал жана 4 радиостанция бар. Алар Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетине баш ийет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: