Menu

Төрөбай Зулпукаров, депутат: Бизде элге таанымал уурулар кадыр-барк күтүшүп, сый үстүндө жүрүшөт

Бөлүшүү:

– Кээ бир кишилер ЖМКлар аркылуу «президент коррупцияга каршы күрөшүү урааны менен өзүнүн саясый оппоненттерин камакка алууда» деген сасык ойду кыйытып атышкан. Кандай дейсиз, Сооронбай Жээнбековдун кечээки кайрылуусу алардын бул сөзүнө эң сонун жооп болду окшойт?

– Маселенин эки тарабы болот да. Кээ бир кишилердин үстүнөн тергөө амалдары жүрүп аткан учурда аларды актоого аракеттер болууда. Ошон үчүн президентибиз ушул нерсеге «ишара» кылып кетти. Президентте «саясый оппонентерим менен күрөшөм» деген ой жок болсо керек. Анын максаты эмне экенин эл, коомчулук түшүнүп эле турат. Эгерде мындай карай турган болсок, оппоненттери ким болушу мүмкүн? Өзүнүн партиялаштарыбы? Же мурда депутат болуп, чогуу иштешип жүргөн кишилерби? Ошондуктан, сын айткандардын сөздөрү суу кечпейт.

– Президент дагы бир жакшы сөз айтты, «коомдо ушундай атмосфераны түзүш керек, уурулук кылган киши уялып баса албай калсын» деди.

– Ошондой болуш керек да. Эгерде сот адилеттүүлүгү болсо, тергөө адилет жүрсө, кызмат абалын кыянат пайдаланган киши мамлекеттик кызматка кайра кайрылып келбейт. Кээ бир учурларда бизде кандай болуп калып атат? Айрым кишилерди эл ууру катары тааныйт, бирок, алар кадыр-барк күтүшүп, сый үстүндө жүрүшөт. Эгер бийлик органдары, күч түзүмдөрү адилеттүү иштешсе, өзүнөн өзү эле коррупционерлер оңтойсуз кырдаалга кептелишет.

– Коррупцияга каршы мыйзамдык база жетиштүүбү?

– Бизде азыр деле мыйзамдар бар. Ошолорду эле так аткара турган болсок, тартип орнотууга болот. Бирок, кээ бир жерлерде «жылчыктар» да жок эмес. Аларды Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу укугунун негизинде бүтөп коюуга тийиш. 2019-жылдын 1-январынан баштап башка мыйзамдар керек. Себеби, азыр иштеп жаткан мыйзамдардын бир тобу Советтер Союзу мезгилинде кабыл алынып, кийин аларга өзгөртүүлөр киргизилген. Эми жаңы жылдан тарта ишке кире турган мыйзамдардын көпчүлүгү Батыш өлкөлөрүнүн мыйзамдарына көбүрөөк окшош.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: