Menu

Рита Карасартова: Биз мыйзам бузган соттордун “кара тизмесин” түзөбүз

Бөлүшүү:

Жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестрин түзөт. Бул тууралуу казакстандык активист Муратбек Тунгишбаевдин Казакстанга өткөрүлүшүнөн соң, сотторго болгон ишеними жоголгон жарандык активист Рита айым демилгелеп айтып чыкты. Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгишбаевди экстрадициялоо боюнча чечимди мыйзамдарды одоно бузуу менен сот адилеттигин көзгө илбей чыгарышкан.

– Мыйзамсыз чечимдерди чыгарган сотторго чара көрүү, жазалоо айласы табылбай келет. Соттордун «кара тизмесин» түзүү демилгеңиздерди жалпы коом колдойбу?

– «Кара тизме, люстрация» деген ой көптөн бери эле Кыргызстанда бар. Аны ишке, жүзөгө ашыруу абдан оор экен. Ошол үчүн көпчүлүк учурда сөз бойдон эле калып калат. Же бир акция катары өткөрүлүп калат. Мисалы, сөз эркиндигине миллиондук айыптар салынып жатканда бул ишке тиешеси бар бүт соттордун тизмесин тизип, атын атаганбыз. Башка саясый куугунтукталып жаткандар келип кайрылганда, бул сөз эркиндиги үчүн эле киргизилгени үчүн чектелип, бул саамалыгыбыз токтоп калган эле. Эки-үч күн мурун Казакстандын блогери Тунгишбаев эч кылмыш жасабаса деле Кыргызстанга келип баш калкалоо макамын сурап жатса, биздикилер шашып кетти. Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгишбаевди экстрадициялоо боюнча башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошентип Тунгишбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачышты.

Атамбаевдин учурунда деле соттордун баары ар түрдүү кылмышка барып, Атамбаевдин буюртмасын аткарган. Бирок бири дагы жоопкерчиликке тартылган жок. Ошондон кийин бийлик келет, кетет экен. Алар соттордун кызматын колдонот экен. Мыйзамсыз иштердин баарын мыйзамдаштырып берген сот болот. Акырында бийликтегилердин баарын кетирет экенбиз. Соттор болсо баягы боюнча калып калышат тура. Бир чара ойлоп табуу зарылдыгы пайда болду. Алар да жоопкерчиликке тартылышы керек. «Кара тизмеге киргизебиз» деген маселе кандайдыр бир далилдер менен болушу шарт. «Соттук нормалардын баарын бузуп, каалаган чечимин мындай кылып чыгарды» деген далили, факты, документтери менен биз аларды тизмеге кошо беребиз. Убакыт өтөт. Бирок, убакыттын өтүшү менен анын жасаган кылмышы билинип ачыкка чыгышы керек. Ошон үчүн ушул тизмени түзө баштайбыз.

– Колдоого алабыз. Бул тизме массалык маалымат каражаттарына да жарыяланып турса керек?

– Балким ошентип сайттарга деле илип, «мындай жасаган иштери үчүн» деп «кара тизмени» далили менен жарыялап турабыз. Эл көрсүн, билсин. Бул өзүнчө из болуп калат. «Прецедент» дейбиз, жалпы ушундай тармактарга туура эмес жактарга чечим чыгарган, адам укугун одоно бузган, кийин Кыргызстандын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизе тургандарга бул чараны колдонобуз. Бул кандайдыр бир деңгээлде акыйкаттуулукка, туура чечим чыгарууга салым болот деген үмүтүбүз бар.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: