Узаган аптада меценат Аскар Салымбеков Кубат аттуу уулун үйлөндүрүп, баш калаадагы өздүк «12 каминов» аттуу кафесинен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына сөз болчу укмуштуудай той өткөрдү. Укмуштуусун ушундан билиңиз, тойго атактуу чет өлкөлүк «Ялла» тобунун жылдыздары баштаган үлкөн шоу-бизнес өкүлдөрү келишип, келген коноктордун черин жазып кетишти. Дал ушул тойдун эртеси Аскар Салымбековдун улуу баласы Улукбек Салымбековго жубайы балканактай үч эм төрөп (эки кыз, бир эркек), атактуу үй-бүлөнүн жакшылыгына жакшылык тартуулады. Эсиңерде болсо, Улукбек Салымбеков Акаев кезинде УКМКны башкарган Калык Иманкуловдун агасынын күйөө баласы экени белгилүү. Аскар Мааткабыловичтин үч эм небереси Кыргызстанда эмес, АКШнын Майами шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген. Бешик боосу бек болсун!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ