Menu

Парламентти кайрадан Шакинин «кол балдары» тебелемей болушту

Бөлүшүү:

«Кыргызстан» фракциясынын парламенттеги бошогон орундарына (Нурлан Макеев менен Исланбек Сарсейитовдун ордуна) тизме боюнча кезектеги эл өкүлү болуп Орозбек Алыбаев менен Жаныбек Исаевдин келиши күтүлүүдө. Орозбек Алыбаев боюнча азырынча ашыкча сөз жок, а береги Жаныбек Исаев алкомагнат Шакинин таякесинин баласы катары парламенттеги жек-жаатташкан командасынын бир учугун чоймой болду. Кызык, бу көпөс өзүнүн партиясы аркылуу өңчөй тууган-урук, ага-тууган, катын-калачтарынан турган жоон топтун алдын парламентке, артын коалициянын курамы менен өкмөт курамына тыгып, парламентаризм институтунун кадырына ушата береби? Болбодубу эми, токтотпойбу? Же «Кыргызстан» фракциясында мунун туугандарынан башка депутат болчу жан жокпу? Булардын кийинки тизмесин тыкыр карап, бет пардаларын ачпасак болбой калды.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: