Menu

Кыргыз Өкмөтү бизнести текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизүү ниетинде

Бөлүшүү:

Өкмөт ишкер субъектилерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий жарыялады. Бул мезгил аралыгында айыппулдар да жокко чыгарылат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, инспектор ишкерге айыппул салуунун ордуна, мыйзам бузуулар тууралуу эскертүү берип, кемчиликтерди чогуу жоюу аракетин көрүшү керек. Текшерүүчү инспектордун жеке жоопкерчилигине басым жасалып, мыйзамсыз аракеттер аныкталса, чара көрүлөт.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт бизнес менен мамлекеттик органдардын байланышын жокко чыгаруу ниетинде экенин билдирди. Анын айтымында, бизнес үчүн мамлекеттик кызматтар интернет аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бизнести негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылган.

2017-жылы январда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өлкөнүн бул багыттагы рейтингин жакшыртуу боюнча атайын жыйын өткөргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: