Menu

КУУдагы Садык Тиллебаевдин чалмакейи

Бөлүшүү:

«Элибиз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрүбүз» деген «Ардак такта» Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратына илинди. Бул жердеги Эл баатырлары менен Эл мугалимдерин кошпогондо, анда Эл жазуучулары менен Эл акындары да бар. Таңгалычтуусу, башка факультеттердеги илимдин жылдыздарын, каймактарын да катар тизип, кошуп койсо болбойт беле? Албетте, бул жагынан одоно катачылык кетиптир.

Мисалы, болочок адистерге тарбиялык мааниси бар мындай такталар физика факультетинде А.Акаев, С.Токтомушев, А.Жайнаков баш болгон физиктердин, математика факультетинде М.Иманалиев, А.Бөрүбаев сыяктуу академиктердин сүрөттөрү бул факультеттердин көркүн ачып турат. Университеттин төрүнө илинген жаңы «Ардак тактага» эмне үчүн жалаң филфактын бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрү тагылган? Ал жерде З.Жамашев, Ч.Баекова баш болгон юрфактын бүтүрүүчүлөрүнүн же Б.Мураталиев, М.Шеримкулов сыяктуу тарых факультетинин сыймыктары илинсе болбойт беле? Кыргыз филологиясы факультетиндегилер «бул тактаны адабиятты билбеген бирөө жасаптыр, катардагы эле акын-жазуучулардын көбү наам алышкан. Наам чыныгы критерий эмес, мезгил сынынан өткөн далай муундарыбыз чыгармаларын окуп чоңойгон М.Элебаев, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов, Р.Шүкүрбеков, М.Алыбаев, У.Абдыкаимов, Т.Кожомбердиев сьшктуу бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз» деп билдиришти. Тактаны жасаган эргулдар элибиздин, адабиятыбыздын чыныгы сыймыгы болгон университеттин бүтүрүүчүлөрүнө орун бербей, «өлүү арстандан тирүү чычкан» деген принцип менен Алыкулдун ордуна К.Култегинди, Мидиндин ордуна Курманбетовду, У. Абдукаимовдун ордуна С.Раевди илип алышыптыр. Филфактагылар болсо «тактаны бизден талашпай, акын-жазуучуларыбызды билбегенден кийин өз жайына коюшса жакшы болот эле, ал орунсуз тактаны бизге беришсин, өзүбүз иретке келтиребиз» дешти.

Анан биз мындай чала-чарпыт демилге кимден чыкканын изилдесек, кеп бул жакта тура… Ж.Баласагын атындагы КУУнун сыймыгы, көркү боло турган классиктерди бозала кылып четке сүрүп таштап, кызматынан пайдаланып, өз тааныштарын, замандаштарын тактага илдирген проректор Садык Тиллебаевдин эмне кылып чалмакей чалганы? Уюткулуу билим уясындагы көрүнүктүү саамалыктарды майдалап жибергени кандай? Баса, убагында илимий диссертациясын ыр-чыр болуп атып араң коргогонун укчу элек. Анан эми университеттин иштерин деле жүр-нарыга салып, өзүнүн деңгээлине түшүрүп, бетке чиркөө боло турган кылыктарына ким баа берет?..

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: